www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленский 1-мартта экинчи жолу видео кайрылуу таратып, орус аскердик күчтөрү Харьков шаарына интенсивдүү аткылоого дуушар болгонун билдирди. Ал Харьков шаары реактивдүү жана канаттуу ракеталык аткылоолорго кабылып жатканын айтып, муну ачыктан-ачык жасалып жаткан "террор" деп атады.

Зеленский ага барып жаткан Орусияны “террор-мамлекет” деп атап, аны “эч ким эч качан кечире албай турганын” кошумчалады.

28-февралда жана 1-мартта Орусиянын авиациялык күчтөрү Украинанын Харьков шаарын бомбалады. Артиллериялык жана ракеталык аткылоо да уланууда. Интернетте тараган видеодо атылган ракета шаардын администрациясынын жанында жарылганын көрүүгө болот.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирди. Алты күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоону жана бомбалоону улантууда. Эң катаал чабуулдар Киевге жасалууда. 1-мартта орус аскерлеринин чабуулунун экинчи толкуну башталды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости