www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москвада коронавируска каршы вакцина албагандарга ооруканаларда пландуу медициналык жардам көрсөтүлбөйт. Бейтапканага жатышы керек болгондор эмдөөдөн өткөн болушу шарт. Оорунун жайылышына каршы ушундай чара кабыл алынганын Орусия баш калаасынын Саламаттык сактоо департаменти кабарлады.
Эмдөөгө каршы көрсөтмөлөрү бар кишилер - онкологиялык жана гематологиялык оорулар менен жабыркаган бейтаптар вакцина албаса болот. Чукул медициналык жардам тегиз көрсөтүлө берет.
Июндун экинчи аптасынан баштап Орусияда коронавирустун жайылышы курчуп кетти. Москванын мэри Сергей Собянин стационарларга оор абалда түшкөндөрдүн саны 70% өскөнүн билдирди.
Булак: NazarNews.kg