www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 19-июнда Бишкектин биринчи май райондук соту мурунку биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин баш коргоо чарасын карады. Ал 31-июлга чейин УКМКнын абагында камакта калтырылды.
Сарпшаев 17-июнда Кумтөр кениндеги коррупцияга байланыштуу кармалган.
УКМКнын расмий маалыматында: «Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Сарпашев жогорку саясий кызматта иштеп жатып, канадалык «Центерра» компаниясынын өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кумтөр кенинде жайгашкан мөңгүлөргө зыян келтирип, аталган компаниянын кызыкчылыктарын ишке ашырууга багытталган кылмыштуу иш-аракеттери аныкталды.
Сарпашев өкмөттө жооптуу кызматтарды ээлөө менен, «Центерранын» кызыкчылыгы үчүн мөңгүлөрдүн сакталышын камсыз кыла турган мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жана аны кабыл алууга тоскоолдук кылган.
Мындан тышкары Сарпашев кылмыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, «Кумтөр Голд Компаниге» мөңгүлөрдү иштетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө, Кумтөр кенинде жайгашкан Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнүн талкаланышына алып келе турган Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү парламенттин кароосуна киргизген.
Сарпашев тергөө тарабынан аныкталган кылмыштуу аракеттерин эске алуу менен 17-июнда Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) боюнча кармалды», - деп айтылат.
Булак: NazarNews.kg