www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада иштеп жүргөн өзбек жараны Ноила Нурматова "Озодлик" радиосуна кайрылып, анын 21 жаштагы кызын негизсиз түрдө бала уурдоого айыптап жатышканына даттанды.

Нурматованын айтымында, 19-августта анын 21 жаштагы кызын балдар аянтчасынан беш жаштагы кызды уудоого аракет кылган деген шек менен кармап, бирок эртеси айып тагууга негиз жок экенин айтып бошотушкан. Сот эч кандай чечим чыгарбаса да, орус басылмалары кыздын сүрөтүн таркатып, аны ууру катары көрсөтүүдө. Мындан тышкары соцтармактардын айрым колдонуучулары аны сотсуз жазалоого да үндөп жатышат.

Окуя 19-августта Москва шаарынын Гальянов районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн балдар аянтчасында болгон.

– Кызым балдар аянтчасында телефонун карап отурганда, ага 5 жашар кыз келип, кызымдын колундагы "кириешкисинен" сураган экен. Кызым берип коюптур. Бир нече күн өткөн соң ошол эле кыз кайра келип, андан дагы "кириешки" сурайт. Кызым жанында "кириешки" жок экенин айтып, апасы кайда экенин сурайт. Себеби кыз көчөдө жалгыз ойноп жүргөн экен. Кыз апасы дүкөндө экенин айтат. Байкуш кызым ал кыз көчөдө калбасын деп, колунан жетелеп алып, апасына жөнөйт. Ошол маалда кыздын апасы жүгүрүп келип, кыйкырып, кызын уурдап кетүүгө аракет жасаганын айтат, – деди Ноила Нурматова.

Кошуналар полиция чакырышкан. Шектүү полиция бөлүмүнө жеткирилген. Ал жактан видеокөзөмөл камерасын карап чыгышканда 5 жашар кыз ага өзү келгени жана колу менен дүкөн тарапты көрсөткөнү аныкталган.

Ноила Нурматова кызына жалган жалаа жабылганын билдирип полицияга даттанганын, учурда анын ар-намысы үчүн күрөшүп жатканын белгиледи.

Адвокат Мурат Гаджиболатовдун билдиришинче, Ноила Нурматованын кызы "Жашы жете элек баланы уурдоого аракет жасоо" беренеси боюнча шектелүүдө. Бирок ага айып тагылган эмес.

Ноила Нурматова 30-августта Өзбекстандын Москвадагы элчилигине кайрылганын, бирок дипломатиялык өкүлчүлүк жардам бере албасын билдиргенин айтты.

Өзбекстандын Тышкы миграция агенттигинин маалыматына караганда, ушул тапта чет өлкөлөрдө 2,4 миллион өзбек жараны бар. Эмгек мигранттарынын 63 % Орусияда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости