www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада АКШ элчилигинин жанындагы аймакка расмий түрдө "Донецк эл республикасы атындагы аянт" деген аталыш берилди. Тиешелүү жарлыкка Москванын мэри Сергей Собянин кол койду.

"Москва шаарынын Борбордук административдик округундагы Большой Девятин көчөсүнөн Малый Конюшковский көчөсүнө чейин жайгашкан, аталышы жок аймакка Донецк эл республикасы атындагы аянт деген ат берилсин", — деп айтылат документте.

Мындай чечимди "Активный гражданин" порталына добуш берген тургундар кабыл алышты. Алар жалпы добуш берүүлөрдүн 44,69 пайызын түзгөн. Шартка ылайык, эми бийлик шаардагы Луганск эл республикасынын аты менен аталган дагы бир аянтты же көчөнү аныкташы керек.

Москва шаардык думасынын депутаттары Донбассты коргоочулардын атын Москванын картасында түбөлүккө калтырууну сунуштап, шаар бийлигине тургундардан түрдүү варианттар менен көптөгөн кайрылуулар түшкөн. Бийлик бул маселени жалпы шаардык талкууга алып чыкты.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости