www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Кыргызстанга Казакстан менен Азербайжандын парламенттик делегациялары келди

СҮРӨТ - Кыргызстанга Казакстан менен Азербайжандын парламенттик делегациялары келди

Журналист: ЭЛИЗА ХАМРАЕВА
23.06.2022, 17:35
4821
|

Бүгүн, 23-июнда Кыргызстанга Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Кеңешинин отурумуна жана 11-пленардык жыйынына катышуу үчүн Казакстандын Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов жана Азербайжандын Улуттук Жыйынынын төрайымы Сахиба Гафарова баштаган парламенттик делегациялары келишти.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, меймандарды парламент төрагасынын орун басары Улан Примов тосуп алды.

Мындан тышкары, бүгүн ТүркПАга мүчө мамлекеттердин жана башка боордош өлкөлөрдүн парламенттик делегациялары да келери күтүлүүдө.

Алсак, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Кыргызстанга келген парламенттик делегациялардын башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Ал эми ТүркПАнын Кеңешинин отуруму жана 11-пленардык жыйыны өз ишин эртең, 24-июнда баштайт.

Булак: NazarNews.kg 



Поделитесь с друзьями