www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мекендештерин республиканын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин тарыхый эмгегин унутпоого чакырды. Бул тууралуу ал казак полициясынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

«Биз, казакстандыктар, саясатчыларыбыздын эмгегин сыйлашыбыз керек. Бул Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге да тиешелүү. Анын эгемендүү өлкөбүздүн түзүлүшүнө кошкон салымы дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылды. Ошондуктан, биринчи президенттин тарыхый ролун баарыбыз урматташыбыз керерк. Анын саясий мурасы келечек муундар тарабынан адилеттүү бааланат», - деди президент.

Ал азыркы муун өлкө үчүн талыкпай эмгектениши керек экендигин белгилеп өттү. «Улут катары биз биринчи кезекте эмгекчил болушубуз керек. Саясий оюндар токтотулушу керек», - деди Токаев.

Нурсултан Назарбаев — Казакстандын биринчи президенти, ал 1989-жылдан 2019- жылга чейин башкарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости