www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдын ала маалымат боюнча, Москвадагы жатаканада чыккан өрттөн жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери барган.

Белгиленгендей, учурда Орусиянын укук коргоо органдары окуянын бардык жагдайларын жана өрттүн келип чыгуу себептерин, ошондой эле өрттөн каза болгондордун өздүгүн жана жарандыгын тактап жатышат.

Эскерте кетсек, Москванын Алма-Атинская көчөсүндө жайгашкан жатаканадан чыккан ири өрттөн сегиз адам каза болуп, дагы төртөө ооруканага жаткырылган.

REN TV телеканалы билдиргендей, жакында укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө жатакананын ээси чет элдиктерди миграциялык каттоого массалык түрдө каттатып жатканы аныкталган. Ал жатакананын дареги боюнча 144 мигрантты каттоого алганы белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости