www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бугүн, 23-июлда "Ош" эл аралык аэропортуна "Аэрофлот" авиакомпаниясынын Москва-Ош багыты боюнча чартердик каттам менен 301 Кыргыз жараны кайтып келди. Алардын арасында жаш балдар бар. Бул тууралуу маалыматты республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, учакта орундуктардын саны чектелүү жана Кыргыз өлкөсүнө кайтууну каалаган жарандар көп болгондуктан, аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москвадагы кыргыз медициналык клиникалардын дарыгерлеринен жана Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин кызматкерлеринен турган атайын комиссия тарабынан түзүлгөн.
Жүргүнчүлөрдүн тизмесин түзүү гуманитардык критерийлер боюнча Кыргыз жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Өзгөчө, каттамга Орусиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балалуу аялдар, ошондой эле мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, оор илдети барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.
Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.
Булак: NazarNews.kg