www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракол шаарынын Пристань-Пржевальск аймагында жашаган 90 жаштагы Бүбүй Эсенаманова жардамга муктаж. Ал жергиликтүү басылмага башынан кечирип жаткан оор күндөрүн айтып берди.

Өзүнүн айтымында, акыркы 5-6 айдан бери операция болгон 49 жаштагы кызын жалгыз багып келет. Бүбүй апа жергиликтүү бийликтен кызына жөлөк пул чегерип берүүнү суранды.

«Азыр кызым кол коюуга да жарабай калды. Мен аны таштап чыга албайм. Абалын, документтерин көрүп, жөлөк пул чыгарып берүүнү суранат элем. Дары-дармек, памперс алууга жарап калат эле», - дейт Бүбүй апа.

Анын айтымында, кызынын башында шишик пайда болуп, жарым жыл мурда операция жасалган. Учурда өз алдынча кыймылдай албагандыктан дайыма кароого муктаж.

«Кызыма дем болсун деп шорпо кайнатып берсем дейм. Анан кичине эттен жардам берип койгулачы деп айтар элем. Операциядан кийин алы жок, отура да албай жатат. Мен 22 жылдан бери эле ушул Пристань-Пржевальск аймагында почтанын жанында жашайм. Жардам берем дегендер келип, почтадан кызы ооруган кемпир деп сураса баары билет», - дейт Бүбүй Эсенаманова.

Ал Каракол шаарындагы Степная көчөсүндөгү №22 барак үйдө жашайт. Үйү да авариялык абалда.

Бүбүй апанын кошунасы кызы экөөнүн жашоосун видеого тартып, коомчулуктан жардам сурады.

Жардам берүүнү каалагандар 0555 823 829 номуру аркылуу байланышса болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости