www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп Хьюстон шаарынан башка дагы АКШдагы Кытайдын дипломатиялык мекемелерин жабууну талап кылышы мүмкүн. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Морган Ортагус америкалыктардын интеллектуалдык менчигин жана жеке маалыматтарын коргоо максатында Хьюстон шаарындагы Кытай Эл Республикасынын башкы консулдугун жабууга буйрук берилгенин билдирген.

"Өзүңүздөр эмне болуп жатканын көрүп жатасыздар. Биз жапкан консулдукта өрт чыкты деп ойлойлу. Муну баары айтып жатышат. Алар документтерди жана кагаздарды өрттөп жиберген деп ойлойм. Бул эмнени билдирери кызык", - деген Дональд Трамп.

АКШ бийлигинде башкы консулдуктун кызматкерлери документтерди өрттөп жиберишкен деген маалыматка ээ болушканын кошумчалаган.

Ал эми Кытайдын Тышкы иштер министрлиги мындай кадамды эл аралык укукка туура келбейт деп баалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости