www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусундагы ири ишканалардын бири саналган "Жалал-Абад электро" ишканасы өзүнүн кызматкерлери үчүн 10 орундуу күндүзгү стационар уюштурду. Ишкананын башкы директору Дурусбек Рахманов жергиликтүү басылмалардын бирине билдирди.

Энергетиктер күн сайын ишкананын жыйындар залында ачылган жайга таңкы саат 8:00ден кечки 20:00го чейин келип дарыланып кетсе болот.

"Жалал-Абад электро" өздөрү ачкан стационарга эки, ошондой эле шаардык ооруканага үч даана кычкылтек концентраторун алып берди.

Облус аймагында учурда 141 жерде күндүзгү стационарлар иштеп, 2300 орундук даярдалган.

23-июлдагы статистика боюнча өлкө аймактарында бир суткада бул илдетти жуктуруп алган 967 адам жаңы катталды. Алардын 157си Жалал-Абад облусунда аныкталды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости