www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 5-августта "Ош" эл аралык аэропортуна "Авиа Траффик Компани" авиакомпаниясынын Москва-Ош багыты боюнча чартердик каттамы учуп келди. Бул каттам менен мекенине Орусиядан 155 Кыргыз жараны кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди. 

Бул каттам чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында, президенттин жана өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган.

Учакта орундуктардын саны чектелүү жана өлкөгө кайтууну каалаган жарандар көп болгондуктан, аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн жана Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин кызматкерлеринен, Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Ички иштер министрлигинин жана Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия тарабынан түзүлгөн.

Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча, Кыргыз жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Каттамга Орусиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар кирди. Ошондой эле ыкчам түрдө мекенине кайтууга олуттуу себептери бар болгон жарандар (оор илдеттери бар жана буга чейин Орусияга хирургиялык операция жана башка медициналык процедураларды жасатууга келген жарандар, жакын туугандарынын өлүмүнө байланыштуу кайтууга себептери бар жана татаал турмуш кырдаалына кептелгендер) киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости