www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын мурдагы премьер-министри жана Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев эмгек мигранттарын Орусияга киргизүү тартибин өзгөртүүнү сунуштады.

Ал Орусияда ишке орношо аларын тастыктаган, маселен, иш берүүчү менен түзүлгөн келишимди көрсөткөн мигранттар гана чек арадан өткөрүлүшү керек деп эсептейт.

Медведев Коопсуздук кеңешинин жыйынындагы билдирүүсүндө Орусиянын Элдик чарба академиясынын баяндамасына шилтеме жасады. Академиянын окумуштууларынын маалыматына караганда, пандемиянын кесепетинен улам Орусиядагы мигранттардын 40% жакыны жумушсуз, экономикалык жактан оор абалда калышты.

Медведев мунун кесепетинен кылмыштуулук өсүшү мүмкүн экенин белгилеп, июль айында Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург шаарларында, Мурманск жана Амур облустарында чет өлкөлүктөр аралашкан кылмыштар көп катталганын тактады.

“Мына, араб өлкөлөрүндө иш берүүчү чет өлкөлүк жумушчуларынын аракеттери үчүн толугу менен жоопкерчиликти өзүнө алган чечим бар. Бул өтө катаал чара, ошентсе да муну талкуулап көрсө болот”, – деген ал.

Орусиянын Ички иштер министрлиги 25-июлдагы билдирүүсүндө мигранттарды экстремизм окуяларына, коомдук тартипти одоно бузууга жана санкция берилбеген каршылык акцияларына катышууга байланыштуу айыптаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Последние новости