www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурдагы элибизди каптап жаткан COVID - 19 илдетинен жана пневмания оорусунан Ош областынын калкы жана Ош шаарынын тургундары оор илдет менен ооруп, июль айынын 15инен баштап Ош шаарына аккан суудай агылып биринин артынан экинчиси келип баш баккан ооруканаларга эшиктерин каккылап, бир да оорукана кабыл албай, орун жок дарылана алышпай кыйналышты. Уруксат берилген гана ооруканаларга ага да өпкө дем алуусунун сатурациясы 75-80ди көрсөткөн бейтаптарды ооруканага кабыл алып жатышты. 

Ошол учурда Ош шаарындагы 30 орундуу жеке "МЕДАЛЮКС" клиникасы, клиниканын жетекчиси Токторов Белек Каныбекович деген жаш, билимдүү өз ишин мыкты билген мырзабыз элдин кыйналып жаткан оор абалын түшүнүү менен карап, 30 орундуу клиниканы тездик менен Физкабинет жана башка лаборатория кабинеттерине чейин орундуктарды  80 орунга чейин көбөйтүп, даярдап, элге өтө чоң эбегейсиз жардамын көргөздү. Ошол мезгилде Гепарин дары таңкыс болуп турган учурда, "Медалюкс" клиниканын өзүнүн дарыканасындагы Гепарин ж.б. керектүү медикаменттери аз санда болгондуктан сыртка саттырбастан, клиникада дарыланып жаткан орулууларды гана дарылап, өз  көмөгүн жогорку деңгээлде көрсөтүштү. 

"Медалюкс" клиникасында учурда мыкты дарыгерлер, медайым кызматкерлер кызмат кылышууда. Алардын бир нечесин гана атап кетүүгө туура келди:

Токторов Белек Каныбекович.

Новосибирскийдеги жогорку Мамлекеттик Медициналык Университетинин Врач Эндокринолог адистигин 2011- жылы артыкчылык диплому менен ийгиликтүү аяктаган.
2011- жылы Кочкор - Ата шаарындагы Кыргыз "Нефтгаз" ишканасына караштуу Диагностикалык борбордо врач- пульмонолог болуп иштеген.
2014 - жылы "Эндомед" клиникасын жетектеген.
2016 - жылдан баштап Ош шаарындагы "Медалюкс" клиникасын жетектеп келет.
2017 - жылы Италиянын Брешия шаарында неврология боюнча билимин өркүндөтүп тажырыйба алган.

Врач уролог: Матураимов Асан Исмаилович.

Ош шаарындагы Ош Мамлекеттик Университетинин лечебное дело адистигин артыкчылык  диплому менен 2017 - жылы аяктаган
2019 - жылы М.Т.Мурзалиеванын жетекчилиги астындагы ОМОКБнын урология бөлүмүндөгү ординатураны ийгиликтүү аяктайт. Азыркы учурда Ош шаарындагы "Медалюкс"жеке клиникасында уролог адистиги боюнча врач болуп эмгектенет.

Улуу мед айым: Абдираимова Жыпаргүл.

1998 - жылы Жалал - Абад шаарындагы медициналык окуу жайына тапшырып, аны 2002 - жылы ийгиликтүү аяктайт. Азыркы учурда Ош шаарындагы "Медалюкс" жеке клиникасында улуу медайым болуп үзүрлүү эмгектенет.

Мед айым:Абдырахман кызы Алтынай.

2020 - жылы Ош шаарындагы Ош Мамлекеттик Университетинин медициналык колледжин ийгиликтүү аяктаган. Азыркы  учурда "Медалюкс" клиникада медайым болуп ийгиликтүү иштеп жатат.

Алтынай окуу жайды жаңы эле бүтүп келип, ушундай оор кырдаалда медайым кызматкерлери жетишпей турган  убакытта түнү-күнү  уйкудан калып, үзүрлүү иштеп, чоң кызматын көрсөттү. 

"Медалюкс" жеке клиникасынын дарыгерлери жана медайымдары чындыгында билимдүү өз жумушун мыкты билген адистер. Алар дарыланып жатышкан бейтаптардын ак баталарын алып, элин абдан кубандырды. Бул да болсо "Медалюкстун" учурдагы жетекчиси Токторов Белек Каныбекович мырзанын мыкты дарыгерлерди чогултуп, өз ишин мыкты билген жетекчи катары өзүн ишмердүүлүгүн дагы бир катар далилдеди.

"Медалюкс" клиникасынын шарттары учурдагы бардык талаптарга толук кандуу жооп берет. Тазалыгы, үч маал ысык  атайын бейтаптар үчүн даярдалган жогорку сапаттагы диеталык даамдуу тамактары ич жылытаарлык. 

Коллектив жамааты орулууларга жасаган кичипейил мамилелери да бейтаптардын бирден бир дарысы болду десек жаңылышпайбыз. Бардык шарттарын түзүп "Медалюкс" клиникасынын кадыр-баркын жогору көтөрүп, жогорку деңгээлге жеткизип койгон жетекчиси, башкы дарыгери Токторов Белек Каныбековичке  элдин атынан, айыгып чыккан бейтаптардын атынан терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Ар дайым эл кызматында ийгиликтерди жарата беришиңиздерге тилектешпиз!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости