www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Сокулук районундагы Ново-Павловка айылында 57 жаштагы жаранды тоноп кеткен 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун ички иштер органдарына жергиликтүү 57 жаштагы Б.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү 8-июль күнү болжол менен саат 18:00 чамаларында Ново-Павловка айылындагы көчөлөрдүн биринен белгисиз бала ага күч колдонуп, “Айфон” үлгүсүндөгү эки телефонун жана акча каражатын тартып алып, белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Бул кылмыштын бетин ачуу үчүн тергөө кызматы тарабынан тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген. Сокулук районунун ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, Сокулук районундагы жаңы конуштардын биринин жашоочусу 27 жаштагы М.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости