www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-июлда Ошко Москвадан кыргыз жарандары чартердик каттам менен учуп келишти. Бул тууралуу маалыматты республикалык штаб билдирди.

Москва-Ош багыты боюнча чартердик каттам менен Орусиядан 221 жаран кайтып келишти.

Каттамга Орусиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар, жаш балдары бар аялдар, оор илдети барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындары кайтыш болгондор жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген. Өлкөгө кайтып келген жарандар алгоритмге ылайык, обсервацияларга жайгаштырылат.

Бул каттам президенттин жана өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларынын алкагында жүзөгө ашырылды.

Чет мамлекеттерде жүргөн кыргыз жарандарын өлкөгө кайтарууну уюштуруу иштери улантылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости