www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Темир Сариев  “Үзөңгү –Куушту” сатканда кытайдын  Төртүнчү бөлүмү тарабынан алган байлыгына “Ата –Мекен” партиясын колдогону турат. “Үзөңгү –Куушту” сатууда Мадумаров каршы чыккан, Темир Сариев колдогон, Текебаев эмне кылганын эл билет. Ал добушту көбөйтүш үчүн парламенттик жыйынга катышкан, бирок калыс болсо керек.

  “Ата -Мекен” коркунучта деп 1941-жылы Сталин айткан, Текебаевдин “Ата -Мекени” дайыма коркунучта, бирок дайыма парламентте. Бир гана 2007-жылы Темир Сариев ага кошулганда “Ата-Мекен” парламентке өтпөй калган. Темир Сариев эми да кошулганы турат. Учурда Темир Сариевке каршы “кара пиар” күчөп баратат. Ал Текебаевге эмне деген шарттар менен “Жаңы дем” кыймылына кошулганы белгисиз. Ал эми айлакердик жагынан алдына киши салбаган Адахам Мадумаров “Ата –Мекенден” биринчи ондуктун катарында барат. Келишим шарттарына ылайык, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан Мадумаровдон тышкары 7 талапкер тизмеге кошулат. Темир Сариев деле келишимдерди түзүп алгандыр.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости