www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвага президент менен чогуу баргандардан коронавирус табылгандыктан, Сооронбай Жээнбеков парадга катышпай коюуну чечти. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

“Алгоритмге ылайык, Москва шаарына парадга катышуу үчүн президент менен бирге баргандар коронавируска тест тапшырышкан. Кийин делегация курамындагы эки адамдан вирус аныкталды. Мындан улам президент Сооронбай Жээнбеков парадга катышпай эле коюу чечимин кабыл алды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн, 24-июнда Москва шаарында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парад өтүп жатат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости