www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Миң жылда бир келген адаммын” деп төшүн каккан, дайыма президентке талапкер боло калчу доктор Кубанычбек Апас деген бар. Негизи Орусия мамлекетинде жашайт, өзү шаарда туулуп-өскөн окшойт, айылдык кыргыздарды теңсинбей, аларды көргөндө тишин кычыратып өйдөсүнүп турат. “Айылдык кыргыздарда кайсы сабаттуулук бар, сабаттуулукту орустар үйрөткөн” деп, биздин оозеки адабиятыбызды жокко чыгарат. Кыргызстандын компартиясын жетектеген Исхак Разаков, Турдакун Усубалиев, Апсамат Масалиевдер, президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмаз Атамбаев, Сооронбай Жээнбековдор карапайым айылда туулуп өскөндөрүн жээрип, президент шүмүрөйүп айылдыктардан болбой, шаардык патриоттордон болсун деген акылын айтып жыландын тилин көрсөтө баштады. Демек, шайлоо башталган окшойт, ал шайлоо алдында эле сүйлөөчү эле.

Кубаныч Апас Орусияда жашагандыктан мыйзам боюнча президенттикке талапкердикке коюуга укугу жок. Андан тышкары ал кыргыз элин дайыма басмырлап, президенттерди фашист, ууру деп, өзүн дайыма жогору алып жүрөт. Ошондуктан, андан саясатчылар «Доктор Апас – шизофреник» -дешип чоочулап турушат. Ал менен катар Орусиядан келип саясатка аралашкан Акбаралы Айтикеев, Темирбек Асанбеков, Таалатбек Масадыковдор бар. Өзүбүз бир ууч кыргыз болсок шаар-айыл деп эмнеге бөлүнөбүз? Деги мындан бир кылым мурун шаардык кыргыздар бар беле?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости