www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада федералдык издөөдө жүргөн кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу “Mash Telegram” каналы билдирет.

Москва шаарынын метросун контролдоочу адам санитардык нормаларды бузгандарды аныктоо боюнча рейд жүргүзүп жатканда Кыргызстандын жараны Нурдин Ч.ны кармаган. Аял жүргүнчүлөрдүн арасынан бир жаш жигитти көрүп, ал метрого кол капсыз киргенин байкаган.

Тартип сактоочу аны сүйлөшүү үчүн токтотуп жигиттин документтерин сураган. Бирок, адамдын жанында эч кандай документ болгон эмес. Анын өздүгүн тактоо үчүн полиция бөлүмүнө алып кетишкен, кийин карантинди бузган адам уурулук үчүн издөөдө жүргөнү белгилүү болду. 

Азыркы учурда кыргыз жаранына тийешелүү тергөө иштери уланууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости