www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аксы РИИБдин кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коронавирустун алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы маалымдады. 

Райондук штаб тарабынан кабыл алынган чечимдер жергиликтүү тургундарга жеткирилип, тиешелүү санитардык нормаларды сактоо талаптары коюлууда.

Милиция кызматкерлери жарандарды жугуштуу илдетти жуктуруудан алыс болууга үндөп, медициналык каражаттарды ар дайым жанына алып жүрүүгө чакырышууда. Ал эми РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлору тейлеген аймактарындагы өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу багытында жалпы профилактикалык иштерди жүргүзүүдө.

Мындан сырткары өздүк курам арасында коронавирустун жайылуусун болтурбоо үчүн РИИБдин имаратында кошумча дезинфекциялык иштер жүргүзүлдү.  

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости