www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын экономикасын көтөрүүдө ири каржы булактарын киргизип турган, коңшу мамлекеттер менен болгон алаканын негизги локомотиви болгон “Кыргыз Темир Жол” ишканасынын бактысы ачылбай, көп жылдан бери кайсыл бир жетекчилердин кол алдында көрүнбөй келе жатканы маалым. Андан кийинки жетекчилер Аргынбек Малабаев менен Алмазбек Ногойбаев дагы бир топ  тоногонго жетишти. Максаттары- аталган мекемени банкроттук абалга жеткирип, андан соң жеке менчикке өткөрүп алуу болгону өз кезегинде маалым болгон. Ал ортодо “Кыргыз Темир Жол” ишканасынын айланасында ызы-чуулар күчөп, Ногойбаевдин коррупциялык иштери териштириле баштаган. КТР баштаган бир катар медиа өкүлдөрү, аталган ишкананын сары изине түшүп, Ногойбаевдин кандай байлык күтүп, “Кыргыз Темир Жолу” ишканасына эмне залалын келтиргенин ачык коомго жарыялап чыгышкан. Жылына миллиондогон акчалар жеке жактардын өз кызыкчылыгына кетип жатканы шардана болгон. Мындан соң мекеме таза кадрларга, таза жетекчиге муктаж болуп келе жатканы белгилүү.

Акыркы маалыматтарга караганда “Кыргыз Темир Жол” мамлекеттик ишканасынын жетекчилик кызматына  темир жол мафиясы менен күрөшүп, ири коррупциялык схемаларды ачыктаган,  жаштайынан ошол жерде эмгектенип, ийне жибине чейин билген тажрыйбалу Улукбек Нусубалиевдин келиши күтүлүп жатканы белгилүү болууда. Бул жетекчини учурда социалдык тармактар дагы катуу колдоп: “коррупция менен күрөшүп, ишкананын ордуна алып келе турган адис” деп сыпатташып жатканын көрүүгө болот. Ал колдогон билдирүүлөрдүн ичинде У.Нусубалиевдин “Темир жол ишканасы өлкөнүн казынасын толтурууга эбегейсиз чоң мекеме экендигин, бирок ал колдонулбай келе жаткандыгын, эгер жетекчи катары барып калса бир айда миллиондогон акчалардын казынага кайтарып келээрин ачык эле айтып жүрөөрү боюнча ойлорун жазгандар дагы бар.

Чындап эле ошондой болсо, анда мындай жетекчилер ушул кезде мамлекеттин өкмөтү үчүн дагы чоң олжо болмок. 

Ушул тапта өкмөт башына барган Садыр Жапаров Темир жолдогу коррупцияны ооздуктайм десе, анда ошол жердеги коррупция менен аёосуз күрөшүп келген чыныгы темир жолчу Улукбек Нусубалиевди колдоого алганы туура болмок экен.

Акыркы маалыматтарга караганда “Кыргыз Темир Жол” ишканасынын эмгек жамааты дагы Нусубалиевдин талапкерлигин жактырып, колдоого алышаары айтылып жатат. Баардык жерде жаңылануу, тазалануу ниети коюлуп, өлкө келечеги, элдин эртеңи ойлондуруп жатканы жакшы көрүнүш.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости