www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москванын Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Альбир Крганов диний уюмдун ислам динин карманган мигранттарга таасири аз экенин билдирди.

Анын айтымында, Москвага келген жарандар «эч ким менен кеңешпейт», «өзү менен өзү», ошондуктан айрым учурларда мыйзамга каршы иштер менен алектенишет.

Муфтий Франция элчилигинин алдында өткөн «бийлик менен макулдашылбаган» митингди мисал кылып, анын жүрүшүндө катышуучулар француз президенти Эммануэль Макрондун сүрөтүн өрттөшкөнүн билдирди. Кргановдун пикиринде, ислам диний уюмдары Москвага келген мусулмандар менен иштөөнү күчөтүшү керек.

Белгилей кетсек, октябрдын аягында мусулмандар бир нече күн катары менен Франциянын Москвадагы элчилигинин алдында митингге чыгышкан. Алар Париждеги Charlie Hebdo басылмасы Мухаммед пайгамбардын карикатурасын жарыялаганына нааразылык билдиришкен. Франциянын элчилиги Орусиянын аймагында жүргөн француз жарандарына коркутуулар болуп жатканын кабарлаган.

Ага чейин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган басылманын карикатураларын колдогону үчүн Макронду расизмге айыптаган. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров француз президенти «мусулмандарды теракт жасоого чакырып жатканын» билдирсе, чечен муфтийи Салах Межуев аны «бардык мусулмандардын душманы» деп атаган.

Өз кезегинде Орусиянын Жогорку муфтийи Талгат Тажуддин Мухаммед пайгамбардын карикатураларын «болбогон нерсе» деп атап, тараптарды бул үчүн касташпоого чакырган.

«Болбогон бир нерсе үчүн, кимдир бирөө бир нерсени тарткандыгы үчүн согуш жарыялоо, душман катары көрүү – бул кудайга да, кудайдын жердеги өкүлдөрүнө да, динге ишенген кишилерге да жакпаган нерсе, бул бизге каршы келет», – деген жогорку муфтий.

Эске салсак, 16-октябрда Париждин жака-белинде тарых жана география мугалими Самюэл Пати өлтүрүлгөн. Француз бийлиги аны Абдулла аттуу 18 жаштагы чечен качкын өлтүргөнүн билдирген. Андан бир нече күн мурда мугалим сабакта сөз эркиндиги тууралуу кеп кылып, класстагы окуучуларга Charlie Hebdo журналы тарткан Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көрсөткөн

Бул окуядан кийин Франциянын президенти Эммануэль Макрон сөз эркиндигин коргоп, мындай карикатураларга тыюу салынбашы керектигин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости