www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Арменияда Тоолуу Карабактагы салгылаштын токтотулушуна каршы топ 10-ноябрга караган түнү нааразылык акцияга чыгып, өкмөт имаратына бастырып киришти. Бул тууралуу "News.amTV" каналы түз көрсөттү.
Миңдеген адамдар Ереванда шаар борборуна чогулуп, өкмөт башчы Никол Пашиняндын Тоолуу Карабакта ок атышпоо келишимине кол койгонуна нааразылык билдиришти. Алар "биз жерди бербейбиз" деген позицияда.
Белгилей кетсек, 9-ноябрда түндө Азербайжандын, Армениянын жана Орусиянын президенттери Тоолуу Карабакта ок атышууну токтотуу боюнча бирдиктүү билдирүүгө кол коюшканы кабарланган.
Никол Пашинян бул тууралуу "Фейсбукка" жазып, өзү жана эли үчүн оор чечим кабыл алганын айткан. Ал салгылашуу жүрүп жаткан аймактагы абалды эске алуу менен ушул кадамга барганын белгилеп, муну "жеңиш да эмес, утулуу да эмес" деп сыпаттаган.
"Спутник" агенттигинин армян кызматы орусиялык медиаторлор Тоолуу Карабакка барып, маселени жөнгө салууга салым кошо турганын жазган. Бирок бул тууралуу Кремль расмий маалымат тараткан жок.
Маалыматка ылайык, Армения менен Азербайжандын ортосундагы талаштуу Тоолуу Карабакта абал 27-сентябрда курчуп, андан бери кеминде миң киши каза болду.
Эске салсак, Армян тектүү калк байырлаган Тоолуу Карабак 1990-жылдардын башындагы согуш маалында Бакудан бир тараптуу өз алдынчалык жарыялап алган.
Расмий Ереван Тоолуу Карабактын төбөлсүздүгү үчүн күрөшүп келген жикчилдерди колдойт.
Булак: NazarNews.kg