www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
MTV-Россия телеканалы Инстаграмдагы постунда, телеалыпбаруучу Артур Цветковдун аракеттерин жана билдирүүлөрүн колдобой тургандыгын билдирди.
Эскерте кетсек, окуя 11-августта катталган. Анда Москвадагы кафелердин биринде телеалыпбаруучу Цветков менен кыргызстандык жарандын ортосунда жаңжал чыккан. Алып баруучу мекемеге бет капты туура эмес тагынып кийген. Мындан улам тамак-аш пунктунда иштеген кыргызстандык бет капты туура кийүүнү суранган. Алып баруучу агрессивдүү жооп кайтарып, орой мамиле кылып, кызматкерге кол салган.
Бул окуядан кийин, кыргызстандыктар нааразычылыктарын социалдык тармактарга, анын ичинде MTV-Россиянын Инстаграмдагы постторундагы комментарийлеринде билдире башташты. Колдонуучулар Артур Цветковду өзүнүн иш-аракеттери үчүн телеканалдан бошотууну талап кылышты. Бул комментарийлердин бирине, канал мындай деп жооп берди: “Бул адам MTV-Россия телеканалында 2006-жылдан бери иштебейт, биз анын аракеттерин жана билдирүүлөрүн колдобойбуз”.
Окуядан кийин Артур Цветков өзүнүн ой-пикирин билдирген.
"Ким бир нерсени жактырбаса, анда Ата мекен силерди күтөт. Сиз каалаган нерсеңизди жазып жана айта аласыз, ар бир монета эки тараптуу болот! Мен өзүмдүн пикиримде калам", – деп жазган Цветков.
Анын айтымында, тез тамактануу жайдын ээси кечирим сураган. “Ашпозчу коноктор менен сүйлөшүүгө укугу жок болчу, ал жумуш ордунда болушу керек” – деп билдирет алып баруучу.
Булак: NazarNews.kg