www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мүмкүнчүлүгү чектелгендерди колдогон "Билоу" коомдук фонду, "Майыптарга укуктук жардам көрсөтүү" коомдук фонду жана "Майыптардын укуктарын коргоо боюнча комитет" Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылып, парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү тууралуу ниетин билдиришти. Бул тууралуу БШК кабарлады.
Маалыматка ылайык, алар БШКда, Бишкек шаардык шайлоо комиссиясында жана борбордун аймагындагы добушканаларда байкоо жүргүзүүгө уруксат сурашкан. Коомдук уюмдардын арызы 12-августта кабыл алынды.
30-июлда БШК "Жалпы иш" коомдук фонду менен "Таза шайлоо" ассоциациясынын байкоочуларын каттаган.
Булак: NazarNews.kg