www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пандемияга байланыштуу Мамлекетттик ипотекалык компаниясы насыя төлөөчүлөр үчүн пайыздык чендери төмөндөткөн. Бул тууралуу "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКтын директору Эльмира Абжапарова жыйын учурунда айтты.

Маалыматка ылайык, коронавирус пандемиясынан пайда болгон кырдаалды эске алуу менен Мамлекеттик ипотекалык компаниясы насыяны төлөөдө кыйынчылыкка туш болгон жарандарга насыянын төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча жардам берип келе жатат.

"Ипотекалык насыянын төлөө мөөнөтүн узартуу үчүн жаран насыя алган банкка арыз менен кайрылуусу керек. Банк кызматкери тарабынан ар бир арыз өз алдынча каралып чыгат", - деп билдирди Абжапарова.

Анын айтымында, ушул жылдын апрель айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин 1 миң жаранга 42 миллион сомду түзгөн насыяны төлөө мөөнөтү узартылып берилген.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости