www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн, 17-октябрда Египет мамлекетинин Аль-Азхар университетинде билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту. Жолугушууда муфтий Ханафий масхабы жана Матурудий акыйдасын терең өздөштүрүүгө чакырып, билим алуу менен бирге жаштардын ыйманын, адеп-ахлагын жана аларга туура жолду көрсөтүүдө салым кошууга чакырды.

«Илим - адам баласын зээндүү кылуу менен бирге келечек муундарга туура багытты көрсөтүүгө жол ачат. Андыктан алган билимиңерди, тажрыйбаңарды туура багытка колдонуп, өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн өз салымыңарды кошууга чакырам», -деди муфтий.

Студенттер менен болгон жолугушууга муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев катышып, кандай гана маселе болбосун Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгына кайрылууга чакырды.

Жолугушуунун акырында муфтий Максатбек ажы Токтомушев студенттердин окууларына ийгилик каалап, Аль-Азхар университетин артыкчылык менен бүтүрүүгө жана башкаларга үлгү болууга үндөдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости