www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылындагы көрүстөндөгү эстеликтердин талкаланышы боюнча милиция сотко чейинки өндүрүшкө алган. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, мүрзөдөгү вандализм боюнча маалымат милицияга 17-октябрда түшкөн. Окуя болгон жерге оперативдүү-тергөө тобу барып, бир нече эстеликтин талкаланганын аныктаган.

Бул факт Кылмыштардын жана жосундардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмышка шектүүлөрдү аныктоо, кармоо иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, Бишкектин четиндеги (Аламүдүн районунун Ленин айылы) христиан мүрзөлөрдүн биринде белгисиз адамдар көр үстүнө коюлган эстеликтерди талкалап кетишкенин жергиликтүү тургундар бүгүн, 17-октябрда соцтармактарга сүрөттөрү менен бирге жарыялашкан.

Андагы маалыматтар боюнча, окуя 14-октябрдан 15-октябрга караган түнү болгон.

Сүрөттөрдөн эстеликтердин омкорулуп, бузулуп, талкаланганын көрүүгө болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости