www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы коронавирус жуктуруп кайтыш болгон адамды акыркы сапарга узатуу боюнча фатва чыгарды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Анда муфтият каза болгондордун сөөгүн мусулмандардын шарият өкүмдөрүн эске алуу менен жерге берүүнү уюштуруу боюнча өзүнүн сунуштарын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен макулдашты.
Кайтыш болгон диндеш бир туугандын сөөгүн жуу, кепиндөө жана жаназасын окуу мусулмандын мусулманга карата вазийпаларынын бири. Жууп, кепинге оролгон маркумдун жаназа намазын окуу милдет болуп саналат. Жаназа намазын окуу үчүн атайын бир убакыт белгиленген эмес. Даяр болуп калган сөөктү көп күттүрбөстөн жаназасын окуп жерге берүү негизги иш.
Жугуштуу илдеттин жугуу кооптуулугу бар болгон учурларда жаназа намазын мүмкүн болушунча аз кишинин окуганы абзел. Ошондо да оорунун жугуштуулугун эске алуу менен зарыл чараларды көрүү керек, тактап айтканда, намазга катышуучулардын ортосунда аралык сакталууга тийиш. Мындай кырдаалда эгерде бир нече маркумдун сөөгү даяр болсо, баарына бир жаназа окуу жетиштүү болот. Оорунун жугуу ыктымалы жогору болсо, тиешелүү инсандар тарабынан жерге берилген маркумдун жаназасын, кабырынын башында кыбылага карап окууга да болот.
Негизи эле кооптуулук бар болгон учурда деле, адистердин кеңешине ылайык зарыл чаралар жана коргонуу шарттары аткарылган соң маркумду шарият талап кылган тартипте жууп, ак кепинге ороп жерге берүү керек. Бирок бардык коргонуу чараларынын жана алдын алуу иштеринин аткарылганына карабастан маркумду сууга алган жана шарият талап кылгандай кепинделген учурда башка адамдарга ооруунун жугуу коркунучу бар болсо, анда төмөндөгүдөй амалдар жетиштүү болот:
Булак: NazarNews.kg