www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөнүн бардык райондорундагы  күндүзгү стационарларда кошумча керебет-орундуктарды даярдоо боюнча иштерди улантылууга тийиш, ошону менен ооруканалардагы орундардын резервин түзүү керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновдун айтканына таянып, өкмөттүн маалымат кызматы жазып чыкты.

Өкмөт башчы учурда коронавирус инфекциясы Бишкек шаары жана Чүй облусунда тездик менен тарап жатканын эске салды. 

«Жарандардын илдетти жугузуусун алдын алуу үчүн мүмкүн болгон бардык чаралар кабыл алынууда. Учурда түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен, бардык аймактар коронавирус инфекциясы же өпкөнүн сезгениши аныктамасы коюлган жарандарды кабыл алууга даяр болушу шарт. Калкка ыкчам жана ар тараптуу квалификациялык медициналык жардам көрсөтүү үчүн кошумча орундарды, адистерди жана керектүү дары-дармектердин комплексин алдын ала даярдоо керек», - деп белгиледи Кубатбек Боронов. 

Штабдын жыйыны учурунда тармактык министрликтер жана ведомстволор коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана коронавирус инфекциясына жана өпкөнүн сезгенүүсүнө чалдыккандарды дарылоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ооруканаларда орундарды көбөйтүү иштери жана call-борборлордун иштери боюнча маалымат беришти. 

Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жер-жерлерде жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу отчет беришти. 

Премьер-министр Кубатбек Боронов республика боюнча бейтаптар үчүн орундар фондун көбөйтүп, өлкөнүн ар бир районунда өз убагында медициналык жардам көрсөтүү үчүн күндүзгү стационарларды уюштурууну улантууну тапшырды.

«Жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо үчүн ыкчам жана уюшкан чаралардын топтомун көрүүнү улантуу зарыл. Бардык муктаж жарандарга өз убагында медициналык жардам көрсөтүлүүгө тийиш. Квалификациялык медициналык жардамга муктаж бир дагы жарандын кайрылуусу көңүлдөн тышкары калбасын.  Токтоосуз жооп кайтаруу керек», - деди ал.

Өкмөт башчы Тышкы иштер министрлигине Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте чет жактан зарыл медициналык жабдууларды сатып алуу жана жеткирүү маселесин өзгөчө көзөмөлдө кармоону тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости