www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустан кайтыш болгон адамды акыркы сапарга узатуу боюнча муфтияттын фатвасы чыкты . Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Коронавирустан каза болгон адамды жууп-кепиндөө жана жерге берүү маселесинде шарият төмөндөгү көрсөтмөлөрдү берет:

1.Кайтыш болгон диндеш бир туугандын сөөгүн жууп-кепиндөө жана жаназа намазын окуу мусулмандын мусулманга карата вазийпаларынын эң башында турат. Жуулуп, кепинге оролгон маркумдун жаназа намазын окуу парзы кифая (милдет) болуп саналат. Бул вазийпаны бир топ мусулмандар аткарган учурда калган мусулмандардын мойнунан сакыт болот (милдетинен кутулат). Жаназа намазын окуу үчүн атайын бир убакыт белгиленген эмес. Даяр болуп калган сөөктү көп күттүрбөстөн жаназасын окуп жерге берүү негизги иш.

2.Илдеттин жугуу кооптуулугу бар болгон учурларда жаназа намазын мүмкүн болушунча аз кишинин окуганы абзел. Ошондо да оорунун тарашын эске алуу менен зарыл чараларды көрүү керек. Тактап айтканда, намазга катышуучулардын ортосунда белгилүү аралык сакталууга тийиш. Мындай кырдаалда эгерде бир нече маркумдун сөөгү даяр болсо, баарына бир жаназа окуу жетиштүү. Оорунун жугуу ыктымалы жогору болсо, тиешелүү инсандар тарабынан жерге берилген маркумдун жаназасын, кабырынын башында кыбылага беттенип окууга да болот.

3.Негизи эле кооптуулук болгон учурда адистердин кеңеши боюнча зарыл чаралар жана коргонуу шарттары аткарылган соң маркумду шарият талап кылган тартипте жууп, ак кепинге ороп жерге берүү керек. Бирок бардык коргонуу чараларынын жана алдын алуу иштеринин аткарылганына карабастан маркумду сууга алган жана шарият талап кылгандай кепинделген учурда башка адамдарга оорунун жугуу коркунучу бар болсо, анда төмөндөгүдөй амалдар жетиштүү болот:

3.1 Белгилүү аралыктан суу куюп же болбосо узактан суу чачып сөөктү жууганга болот.

Эгер дарыгерлер коронавирус оорусунан көз жумган адамды жууп, атайын вирустан корголуучу материалдар менен ороп берген болсо, аны кайра ачып жууп, кепиндөөнүн кереги жок.

3.2 Маркумду жууган эгерде жугуштуулук өңүттөн коркунучтуу болсо, тийиштүү адистердин көрсөтмөсүнүн негизинде коргонуучу кийимдерди кийип сөөккө таяммум (даарат алуу үчүн суу табылбаган кезде же аны колдонуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда таза топуракка урулган кол менен бетти, чыканакка чейин эки колду сылоо жолу менен аткарылган тазалык) кылдырууга болот.

3.3 Коронавирус оорусунан кайтыш болгон адамга жаназа окуу жана анын денесин шариятка ылайык жерге берүү милдеттүү болуп эсептелет. Денени өрттөп, кислота же башка химиялык каражаттарды колдонуп көмүүгө шариятта уруксат берилбейт. Албетте, этияттык үчүн вирустан коргоочу жолдордун жардамы менен жерге берилет.

3.4 Сөөктү шарияттык (салттык) тартипте казылган көрүстөнгө кепин менен көмүү кооптуулук жарата турган болсо, атайын сумка (өлүк салуучу) же табыт менен көмүүгө уруксат.

Кырдаалга жараша жана зарылчылыктан улам ушул иштерге барып жатсак да мусулман бир тууганыбыздын астындагы акыркы диний вазийпаларыбызды аткарып жатабыз деген аң-сезимде болуу керек.

Эскерте кетсек, буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустан каза болгон учурда сөөктү жерге берүү эрежелерин иштеп чыккан.

Последние новости