www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суудагы сабалды деген аялдын арызы мыйзам чегинде каралып жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБнен билдирди.

3-июль күнү Кара-Суу районунун айыл аймагынын Дыйкан-Кыштак айылынын тургуну, 1976-жылдын 14-мартында туулган А.С. (аял киши) арыз менен кайрылып, анда Төлөйкөн айыл аймагынын Дыйкан-Кыштак айылында баласы 11 жаштагы О.У.ну, Ош шаарынын тургуну 29 жаштагы А.Р, Кара-Суу районунун Жапалак айылынын тургуну 44 жаштагы А.А., Кара-Суу районунун Ишкаван айылынын тургуну, 23 жаштагы А.Б аттуу жарандар уят сөздөр менен сөгүп денесине жараат келтиргендигин билдирген.

Аталган окуя КЖБРге Жазык Кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Арызда көрсөтүлгөн жарандар тергөөгө кымсыз болуп, суракка алынган. Ошондой эле бул окуяга байланыштуу Ош шаарынын Анар кичи районунун тургуну, 1991-жылы туулган А.Р арыз менен кайрылып, анда 2-июль күнү Дыйкан-Кыштак айылындагы үлүш жерине барган учурда таанышы болгон А.С. (аял киши) эч себепсиз уруп денесине жараат келтиргендигин билдирген.

Бул факты боюнча дагы сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Андан сырткары С.А.нын(аял киши) үстүнөн дагы бир жаран арыз менен кайрылып, 2019- жылдын октябрь айларында ага бейтааныш болгон, өзүн “А.С(аял киши)” деп тааныштырган аял, Дыйкан-Кыштак айылында жайгашкан эки бош турган жер участокту эч кандай кызыл китеби жок ар бирин 25 000 доллардан, жалпы 50 миң долларга баалашып, февраль айларында А.А сатып алган эки жер участокко С.А. кызыл китеп жасатып беремин деп бир жер участокко 5 000 доллардан, баары болуп 10 000 АКШ доллар накталай акча алып, жер участоктун кызыл китебин бүтүрүп бербей, же болбосо акчасын кайтарып бербей ар кандай шылтоолорду айтып, алдап жүргөндүгүн билдирген. Бул арыз “алдамычылык” фактысы менен катталган.

Ушундай эле арыз менен дагы бир жаран “А.С.” үстүнөн кайрылган. Ал дагы жер участокко деп 13 800 АКШ доллар накталай акча алып, андан сырткары Р.А. жер участоктун курулуш иштерине деп иштеткен 40 000 сом акчасын ушул күнгө чейин кайтарып бербей, же болбосо жер участоктун кызыл китебин бүтүрүп бербей, ар кандай шылтоолорду айтып, алдап жүргөндүгүн билдирген.

Окуя болгон күнү Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл округунун Жапалак айылынын Жапалак көчөсүнүн тургуну 44 жаштагы А.А. жогоруда айтылган сатып алдым деген жер участогуна үй курулуп жатканын көрүп, өзүнүн туугандары менен барып, эки тараптын ортосунда ызы-чуу чыккандыгы аныкталган. Ал эми соц.тармакта С.А. (аял киши) жактоочусу А. Карабаева “менин жактоомдогу С.Абытованы черныйлар бандиттер уруп сабап кетишти” деп берген көрсөтмөсү чындык катары өз далилин тапкан жок.

Окуя болгон күнү видео тасмага түшкөн атуулдар "черный бандиттер" эмес эле жогоруда көрсөтүлгөндөй А.А.нын жакын туугандары экендиги аныкталды.

Ошондой эле арыз ээси С.А эки жыл мурда да ушундай эле окуя менен 2018-жылы Кыргыз Республикасынын КЖКнин 166-статьясы (алдамчылык) менен соттолгондугу белгилүү болгон.

Ал эми С.А. (аял киши) сабагандыгы боюнча алган жараатын тактоо боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек болгондуктан, сабаганга шектүү деген жарандарга карата юридикалык баа бериле элек. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен тийиштүү чара көрүлөт. Ал эми талашка түшкөн жердин мыйзамдуулугу текшерилүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости