www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыгармачылык жактан атпай журтка батпай турган Бүбүкан Досалиева кыргыз журналистикасынын батып кеткен күнүн, так төбөдөн чыгарып, кыргызга нур чачып турган. Бүбүкан Досалиеванын үнүн радиодон уккан жаш жигиттердин бары анын үнүн угуп алып эле ашык болуп калышчу. Ал эми анын жүзүн көргөн соң канча кыргыз жигиттери Мажнун болуп талаалап кеткенинин эсеби жок. Муну миграция министрлиги эсептээр. Арийне, сулуугу менен ааламды багындыра турган кесиптешибиз, эң татаал жолду тандап алган. Эркек сөрөйдүн бары аялдарынын дамбалдарына баштарын катып, же болбосо дыргаяктаган бойдон чет өлкөлөргө качып атканда, акыйкатты сүйлөгөн сулуу бийкечтин үнү ободо жаңырып турчу. Бийлик кеткен соң «баатырлар» жамгырдан кийинки козу карындай жабалактап чыкты. Кайда эле ошол «баатырлар» алар бийликте турганда? Күч бийлигине каршы талбастан күрөшүп акыйкатты айткан «бир ууч» адамдын бири Бүбүкан Досалиева эле. Акыйкатты издеген эл Бүбүкан бийкечтин үнүн уккусу келчү. Ал эми анын үнү таң атпай эле булбулдай таңшый баштоочу. Аны бийликтеги жексурлар өчүргүсү келди. Бирок кыз Сайкалдай каарман жүрөк Досалиеванын үнүнө ким кастык кыла алат, үнүн ким өчүрө алат эле? Анын мукам добушу муңдуу чыгып, элди күрөшкө чакырып турчу. Журналисттердин плеядасын түзгөн Бүбүкан бийкечтин  ини-сиңдилери аны жоктотпой үндөрү  жаңырып турар.

Таланттардын талантынан ал чыгаан,

Таң ата элек жатса эле таңшыган.

Азат боюу дүркүрөтүп денени,

Үн алгыдан берип турчу жакшы шаң.

 

Бычактын так мизи менен чуркаган,

Каныкейдей жүрөгүнө суктанам.

Коңур үнүн удургутуп сүйлөгөн,

Угуп турчу үн алгыдан бүт аалам.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости