www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы айылдык кеңешинин депутаты, дарыгер Валерий Гаук пневмониядан улам каза болду. Бул тууралуу маалыматты журналисттерге Новопокровка айылынын тургундары билдиришти.

Алардын айтымында Валерий Гаук айылдын активдүү жаштарынын бири болгон. Ал 4-июлда пневмониядан улам көз жумду. Өзү "Тез жардам" кызматында фельдшер болуп иштечү. Айылдык кеңештин депутаты катары көптөгөн айыл тургундарынын маселесин чечкенге жардам берген.

 “Өлкөдөгү акыркы кырдаалга байланыштуу ишин таштабастан, адамдарга жардамын көрсөтүп жүрдү. Валерий 35 жаштарда эле болчу. Анын жубайы дагы фельдшер, ал балдары менен жалгыз калды" , - деп билдиришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости