www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда каза болгон адамдардын баштыкка салынган жансыз денесин казылган жерге биринин артынан экинчисин ыргытып жаткан видео тараган. Видео "Бишкек шаарында, жашыруун камера" деген аталышта эл арасына жайылып, көпчүлүктү дүрбөлөңгө салды.

Интернетке тарап кеткен видео боюнча Муфтият билдирүү таратып, чындыкка дал келбей турганын кабарлады.

Социалдык тармактарда маркумдардын сөөгүн кабырга ыргытып жаткан видео тарап жатат. Бул чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Муфтият кабарлады.

“Индия мамлекетинде тартылган видеону "Бишкекте" деп таратуу өз элине, жерине, мекенине болгон кыянатчылык. Мындай жаган маалымат тараткандардын жазасын Алла Таала өзү берсин", - деп айтлат мекеменин маалыматында.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда маркумдун сөөгү шарият көрсөткөн тартип, урмат-сый менен жерге берилүүдө. Маркумду акыркы сапарга узатууда жакын туугандары катышып, жаназа окулуп, кырдаалга жараша сактык чараларын сактоо менен коюлууда.

“Урматтуу мекендештер, интернет аркылуу ар кандай такталбаган, фейк маалымат тараткандар көбөйүп кетти. Кандай гана маалымат чыкпасын биринчи маалыматтын булагы, расмий тастыкталганы аныкталган соң ишенүүңүздөрдү суранабаз. Эгер фейк маалымат көрүп, бүдөмүк ойлор жаралса аны башкаларга бөлүшпөй, тийишттүү органдардан тактаңыздар", - деп элге кайрылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости