www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Каржы министрлиги Орусия каратып алган Крым жарым аралына, Иранга жана Сирияга байланышкан санкцияларды бузгандыгы үчүн Amazon компаниясына 134,5 миң доллар өлчөмүндө айып пул салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, компания Крымда, Сирияда жана Иранда жүргөн санкциялык тизмедеги адамдарга товарларды жеткирип, аларга кызматтарды көрсөткөн.

АКШнын Чет өлкөлүк активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) билдиргендей. Amazon санкцияларга тиешеси бар кардарларынын аты-жөнүн жана даректерин жетиштүү деңгээлде текшерген эмес.

Компания күнөөсүн мойнуна алып, салынган айып пулду төлөөгө макул болду.

2014-жылы декабрда АКШнын Каржы министрлигине Орусия каратып алган Крым жарым аралында иштеген компаниялар менен адамдарга чектөөлөрдү киргизүүгө укук берген санкциялар күчүнө кирген. Мындан тышкары санкциялар Крымга товарларды, кызматтарды жана технологияларды сатууга жана жеткирүүгө тыюу салган.

Орусия Крымды 2014-жылы аннексиялап алган. Батыш өлкөлөрү муну эл аралык укуктук нормаларды бузуу катары эсептеп, Орусияга санкцияларды киргизишкен. Москва жарым аралдын Орусияга кошулушун «тарыхый адилеттүүлүктүн орношу» катары сыпаттап келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости