www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда соңку бир күндө 1962 адамдан коронавирус инфекциясы табылды. Бул эпидемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Жаңы катталган бейтаптардын 1209унда COVID-19дун симптомдору байкалбаганын өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Ушуну менен коңшу өлкөдө өпкөнү сезгенткен илдетке кабылгандардын жалпы саны 53 миңден ашты. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

Вирусту жугузуп алгандардын үчтөн бир бөлүгү же 6814 адам өлкөнүн батышындагы Каспийди бойлой жайгашкан Атырау облусуна туура келет. Бир күн мурда бул облус коронавируска чалдыккандардын саны боюнча баш калаа Нур-Султандан (6177 бейтап) ашып өтсө, бүгүн Алматыны (6678 бейтап) да артка калтырып, биринчи орунга чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости