www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын аскер бөлүктөрүнүн биринде кызмат өтөп жаткан жоокер аскер кызматынан бошош үчүн 17 майда таш жутуп алган. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жоокер 2019-жылы ноябрда аскер кызматына чакыртылган. Келгенден бир ай өткөндөн кийин ал 7 даана майда таш жутуп, Тажикстандын Коргоо министрлигинин борбордук аскер госпиталынын хирургиялык бөлүмүнө жаткырылган. Ооруканада жаткан убакта дагы 10 даана таш жутуп алган.

Натыйжада, ал Тажикстандын кылмыш-жаза кодексинин 376-беренесинин 2-бөлүгү (өзүнө өзү кол салуу жолу менен аскер кызматын өтөөдөн баш тартуу) менен күнөөлүү деп табылды.

6-июлда шаардык гарнизондук аскер соту аны эки жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости