www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда Согди облустук төрөт үйүнүн башкы дарыгери Шоира Бузурукованын өлүмүнөн кийин медициналык мекеме карантинге алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

8-июлда Хожент шаарында жайгашкан облустук төрөт үйү жарандарды кабыл алган жок. Ошол эле маалда бейтаптарды көрүүгө келгендерге чектөөлөр каралган эмес.

Төрөт үйүнүн дарыгерлери карантин кеминде эки жумага созулуп, бул аралыкта анын имараттары дезинфекцияланарын билдиришти. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун чечимине ылайык, төрөтканадагы бардык кызматкерлер коронавируска тест тапшырууга милдеттендирилди.

Облустук төрөт үйү карантинге алынганы менен Бузурукованын өлүмүнүн расмий себептери дале болсо айтыла элек. Ал 5-июлда COVID – 19 илдетин жуктурган бейтаптар дарыланып жаткан облустук инфекциялык ооруканада каза болгон.

Шоира Бузурукова быйыл апрелде уулу менен чогу Хожент шаардык ооруканасына «пневмония» диагнозу менен жаткырылганы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости