www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) диний ишмерлерге парламенттик шайлоонун үгүт иштерине аралашпаш керек экенин эскертип жатат.
Анын негизинде облустардын казылары райондордо жолугушууларды уюштуруп, имамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Буга чейин Интернетке айрым партиялардын эл менен жолугушууларында молдолор да катышканы тартылган видеолор чыккан.
Кыргызстандын шайлоо мыйзамдары шайлоонун үгүт иштеринин диний жайларда өткөрүлүшүнө тыюу салат. Конституциясынын 7-беренесине ылайык дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен ажыратылган.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда.
Булак: NazarNews.kg