www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Кече көмүр кенине барчу жолдун 37- чакырымына кайрадан жер көчкү түшүп, урандылар жолду бөгөп калды. Адистердин божомолунда көчкүнүн көлөмү 2 миллион тоннадан ашат. Учурда каттамды үзгүлтүккө учурутпай туруу максатында Транпорт жана жолдор министрлигинин жумушчулары убактылуу жол салууда. Жол бир жуманын ичинде бүтүп, каттам жанданаары айтылды. Учурда кенде 150гө чукул айдоочу бар.

14-сентябрда түшкөн жер көчкүдө күбөлөрдүн айтымында, алгач 8 сааттай таш кулап, көк тиреген тоо кадимкидей бөксөрө түшкөн. Бактыга жараша кооптуу кырдаалдан зыян тарткандар жок.

Эскерте кетсек, мындан 15 күн мурда дал ушул эле жерден жер көчкү жүрүп, жолду бууп калган. Жолчулар тез аранын ичинде сай аркылуу айланма жол салышкан. Бирок бул жолу түшкөн көчкүнүн көлөмү өтө чоң болгондуктан айланма жолду гана эмес, өзөндөн аккан сууну да тосуп, бөгөп калды. Андыктан Транспорт жана жолдор министрлиги бир жуманын аралыгында кайрадан тоо беттеп жаңы жол салууну баштайт.

Көчкүнүн түшүшү түздөн-түз Каракече көмүр кенинин ишине кедергисин тийгизет. Бир гана көмүр кенине кетчү жол жабылбастан, электр зымдары да талкаланды. Көмүрдүн салмагын өлчөөчү тараза убактылуу генераторго кошулуганы менен жай иштеп жатат. Натыйжада айдоочулардын узун кезегин пайда кылды. Мындан улам, айдоочулар кезек күтүп чарчагындан бош эле Соң-Көл жайлоосу аркылуу кайтып жатканын айтышууда.

Жер көчкү бир эле тиричиликке эмес, жаратылышка да олуттуу зыян алып келгенин адистер белгилешет. Анткени тоо бетиндеги жыш жайгашкан карагайларды бүт шыпырып кеткен. Ал эми ушул тапта көмүр тартып иштеген 150гө чукул айдоочу Кара-Кечеде калган. Алардын арасынан Нарын жана Ак-Талаа районуна кетчүлөрү, “Соң-Көл” жайлоосу аркылуу ашып кетсе болот. Калгандары жол ачылгыча коктунун ичинде күтүүгө аргасыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости