www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 15-сентябрда Ысык-Көл облусунун УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын өкүлдөрү Ысык-Көл облусунун пробация органдарынын аймактык органдарынын кызматкерлери үчүн “Пробация органдарында коррупцияга каршы аракеттенүү” темасында тренинг өткөрдү.

Пробация органдарынын кызматкерлери УКМКнын коррупция тууралуу, мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупция менен күрөшүү ыкмалары жана мындай кылмыштар үчүн жазалардын түрлөрү туурасында маалыматын угушту.

Эске салсак, УКМКнын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча тренингдери квартал сайын үзгүлтүксүз негизде өткөрүлүп турат.

Мындан тышкары, ай сайын пробация департаментинин түзүмдүк бөлүмдөрүндө тийиштүү аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин катышуусу менен кеңешме өткөрүлөт, анда Аймактар аралык башкармалыктардын жетекчилери тарабынан коррупцияга каршы аракеттердин стандарттары, кызыкчылыктардын кагылышуусунда мамлекеттик кызматчынын жүрүм-туруму, ошондой эле коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик түшүндүрүлөт.

Пробация органдарынын кызматкерлери пробациянын кызматкерлери тарабынан да, ошондой эле пробациянын кардарларынын укугун көрсөткөн адамдар тарабынан да укукка каршы аракеттерге бөгөт коюуга, кызматтык ыйгарым укуктарын кунт коюп жана так аткарууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоого милдеттүү.

Эгерде сиз пробация органдарындагы коррупциялык көрүнүштөргө, басмырлоого, укуктарыңыздын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарыңыздын бузулуусуна туш болсоңуз, пробация департаментинин probation.minjust.gov.kg сайтынын башкы бетинде жарандардын кайрылуулары үчүн атайын бөлүм жайгаштырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости