www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкерлери КР Тышкы иштер министрлигине караштуу дипломатиялык академияда 10 күндүк окуу курстан өтүшөт. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, эки тараптуу кызматташуу келишимине бүгүн, 28-сентябрда Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев жана КР Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы дипломатиялык академиясынын ректору Чынара Адамкулова кол коюшат. Окуу курсу эки тараптуу кол коюлган күндөн тарта башталып, анда дин кызматкерлери  аймактагы, дүйнөдөгү саясий процесстер тууралуу маалыматтарды алышмакчы.

Муну менен катар, заманбап эл аралык мамилелер, ааламдык маселелер, маалымат системасы, дипломатиянын теориясы жана заманбап дипломатиялык системасы боюнча окушат.

Окуу курсу аяктаган соң Дипломатиялык академиянын сертификаты берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости