www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда кыргыз-орус мамилелерине доо кетирүүнү көздөгөн күчтөр бар экенин билдирди. Эки президенттин диалогунун тексти Кремлдин сайтына жарыяланды.

Жолугушуу учурунда Путин Россия КР бийлигинин өлкөдөгү ички саясий туруктуулукту камсыздоо үчүн жасаган аракетин колдой турганын билдирди.

"Биз өзүбүз тараптан мамлекет башчысы катары сизди жана Кыргызстандын элин алдыга койгон масштабдуу максаттарга жетүүдө колдойбуз", — деди Путин.

Жээнбеков болсо Россиянын башчысы ишинин көптүгүнө карабастан ар дайым Кыргызстанга дагы көңүлүн буруп турарын белгилеген.

"Кыргызстандын эли бул жолугушуубуздан көп нерсени күтүп жатат. Сизге белгилүү болгондой, алдыда парламенттик шайлоо өткөнү жатат, аны утурлай түрдүү күчтөр өлкө стабилдүүлүгүн бузуу үчүн активдешүүдө. Алар керек болсо Кыргызстандын эркиндигине доо кетирип, кыргыз-орус мамилелерин бузууга аракет жасашууда. Албетте, биз мындайга жол бербейбиз, колдорунан эч нерсе келбейт. Биз эки элдин тарыхый бекем мамилесин баалайбыз", — деди президент.

Путин Россия эч качан башка өлкөлөрдүн ички саясатына кийлигишпей турганын, ошол эле учурда кырдаалды турукташтырууга жасалган аракеттерди дайыма колдой турганын кошумчалады."Биз ар дайым өлкөдөгү абалды турукташтырууга аракет жасаган бийликти колдоп келебиз. Кыргызстанга дагы ошондой мамиле болот. Экономикалык жактан дагы колдойбуз", — деди ал.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Россияга болгон иш сапары бир күнгө эле пландалган. Бүгүн ал РФтен Венгрияга учууну пландап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости