www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кыргызстан дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин Пакистандан алган диний жогорку билими жөнүндө диплому жасалма” деген малымат тарады. Социалдык түйүндөрдө Муфтийдин билиминин жасалмалыгы тууралуу мындай жүйөөлөр келтирилет.
“Пакистандын Райванд шаарында Марказ Таблиг (Таблиг борбору) бар. Ал борбордо мечит жана Арабия медресеси (дарул-улум) гана бар. Ал эми Токтомушевдин көрсөтүп жүргөн диплому "Райванд Арабия университети" деген ат менен жүрөт. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин катына таянсак, Лахордо же Райвандда “Арабия” деген университет жок. Чындыгы кандай? Чындыгында, Максатбек ажы Токтомушев Райванддагы Таблиг борборунун “Арабия медресесин” аяктаган. Кийинчерээк муфтий жогорку диний билимдүү болушу керек деген талап коюлганда, “Арабия медресесин” “Арабия университети” деп дипломго жазылып калган. Диплом жасалма болгондугу үчүн жоопко тартылабы?”.
Муфтияттын интернеттеги расмий баракчасында Максатбек Токтомушевдин өмүр баяны жайгашкан, анда чындыгында муфтийдин “Пакистандагы “Аль-Арабия” университетин артыкчылык диплому менен аяктагандыгы” белгиленген. Ал эми Тышкы иштер министрлигинин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жазган жооп катында (Комиссия ушундай мүнөздөгү маалымат сураган) “Пакистандын расмий бийлиги болгону 5 жеке медресени гана таанырын, алардын ичинде “Аль-Арабия” университети жок экендиги, ошондуктан анын берген сертификаты мамлекеттик үлгүдөгү документ болуп эсептелбешин” билдирген. ТИМге мындай маалымат Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинен келген, элчилик аны Пакистандын расмий органдарынан алган.
Эл арасында муфтий Максатбек Токтомушевди Пакистандан чыккан “Таблиги-Жамаат” диний жамаатынын Кыргызстандагы лидерлеринин бири катары эсептешет. “Таблиги-Жамааттын” ишмердигине Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанда экстремисттик идеяларды таркатат деген айып менен тыюу салынган.
Булак: NazarNews.kg