www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек мэриясына караштуу «Тазалык» кызматынын мурдагы жетекчиси Рыспек Сарпашевдин жаңы шайланган мэрдин орун басары болуп келиши мененММКларда узун сабак сын-пикирлер айтылды. Албетте, баардык адамга жагыш кыйын. Ошондой эле сын-пикир дагы керек. Андыктан биз жаңы гана Бишкектин вице-мэри болуп келген Рыспек Сарпашевдин өзүнүн баскан жолуна бир кылчайып жана да алдыдагы иш-пландарын сурап кенен маекке тарттык.
--Рыспек Анакович, сиздин Бишкек шаарынын мэрине орун басар болуп келишиңизди социалдык тармактарда кескин сынга алышууда...
--Чынын айтсам, менин мэрдин орун басары болуу оюмда жок эле. Бирок, жаңы шайланган мэрибиз Азиз Эмилбекович өзү өтүнүп: “Келип шаардыктардын жакшы турмушу үчүн иштеп бериңиз”-дегенинен, ал кишинин өтүнүчүн четке кага алган жокмун. Ошондой эле мен орун басалыкка асмандан келген жокмун. Иш-тажырыйбам талапка жооп берет. Дегеним, мен өзүм ушул тармакта баш аягы 22 жыл иштеп, такшалып тажырыйба топтогонго жетиштим.
--Эмгек жолуңузду кайсы тармактан баштагансыз?
--1992-жылдары көчө шыпыруу, таштандыларды жүктөө уят иш болуп, акыркы сорттогу адамдар иштейт деген түшүнүк калыптанып калган эле. Бирок, мен үй-бүлөмдү багуу үчүн уялбай эле кєчє шыпырып иштегем. Адал ак мээнетим, кимдир бирөөнүн акчасын уурдабай иштесем эмнеге уялышым керек эле?! Тазалык кызматында орус улутундагы адамдар көбүрөөк иштейт эле. Жада калса кызматкерлер жетишпей кадимкидей үйүнө чейин барып: “Бүгүн жумушка чыгып койчу”-деп суранып анан алып кетчүбүз. Азыр ойлосом ошол убакта абдан кыйналган экенбиз. Алар чыкпай койсо өзүбүз иштеп, өзүбүз жүктөп эки үч эсе түйшүк тартчубуз. Ошол жерден мастерликтен баштап директорлукка чейин көтөрүлүп жетиштим. Мен вице-мэрликке асмандан түшпөй баардык жолду басып өттүм. Туура мэрияда түйшүк көп. Кагаз иштери, тармактардын көптүгү, күн сайын ар кандай сөздөрдүн айтылып сын пикирлердин жамгырдай жаап турганы кыскасы жаның тынчыбайт. Ошентсе да баарын жөнгө салып коёлу деп чуркап жүрөбүз. Бүгүн эле эртең менен Азизбек Эмилбекович экөөбүз шаарды аралап маселени жеринен көрүп карап чыктык.
--22 жылдан бери көп мэрлер менен иштешиптирсиз. Кайсы мэр мыкты иштеп кетти?
--Аны Бишкек шаарынын тургундары айтсын. Мен «Тазалык» үчүн гана жооп бере алам. Шаар тургундары нааразы болбогудай иштесек экен, таштанды чачылбасын эл бизди кайсы жерге барсак ыраазычылыгын айтып тосуп алса деп иштедик. Элге таза шаардан башканын кереги жок.
--Шаар тургундарынан дайыма тазалык кызматына арыздануулардын аягы тыйылбайт го?
--Ош шаарынан качан үлгү алып жашайбыз аны билбейм. Ошко барсаңыз таң эрте тургундар үйүнүн айланасын анан короо жайын тазалап ирээттеп, кагаздарды терип андан кийин үйүнө киришет. Биз Бишкек шаарына ушул салтты сиңире албацй койдук. Биздин тургундар тилекке каршы өзүнүн жашаган үйүнүн айланасын тазалап таза кармоо анын атуулдук, адамдык милдеттери экенин билишпейт. Азыр дагы андайлар тыйылып калды. Мурда подьезддердин жанына таштандыларды үйүп салышчу же түз эле балкондон ыргытып ийишчү. Жинимдин келгенин сурабаңыз. Бишкек шаарынын тазалыгы бир эле тазалыктын кызматкерлерине керек эмес го. Бала чакабыз ойноо үчүн деле таза жай зарыл да. 200 метр алыс турган чакага ыргытуу басып барууну айрым тургундар трагедия катары көрүшөт. Бирдеме десең төлөп жатабыз дейт. Акча төлөп жатышат туура бирок акча төлөп жатат деген сөз таштандыгы каалагандай чачуу дегенди билдирбейт. Бактыга жараша акыркы үч жылда тазалыкты элибиз өзү кармоого өтүп кыйналбай калдык. Азырынча даттануулар жок деп койсок адашпайм.
--Чоң майрам учурларында аянттардан он тоннага жакын таштандылар чыгарасыздар. Көрүнгөн жерге таштанды чачылтпай атайын таштанды таштаган унааларды койсо болбойбу?
--Ар бир аянтка бала чакасын жетелеп келген адамга “Бишкек шаарынын тазалагыгы сизге да керек. Балаңызга таштанды чаканын бар экенин көрсөтүп көчөгө ыргытуунун үлгүсүн көрсөтпөңүз”-деп айта албайбыз. Аянтты айланып көп жерге атайын урналарды коюп чыгабыз. Мурдагыдай азыр таштандыны туш тарапка ыргытпай тазалыкты сактап калышты. Ар бир шаардын коногу тургуну Бишкекти өз үйүбүздөй көрсөк гана тазалык сакталат. Бекеринен “тазалык тазаланган жерде эмес, тазалык таза жашаган жерде”-деп айтышпайт да. Таза жашагысы келсе ар бир адам өзү таза болсун. Бул биздин жумушту таптакыр аткарбай кою дегенди билдирбейт. Биз да иштейбиз бирок жарандар да карап турбаш керек.
--Бирок сиз бул кызматка келгенден баштап артыңыздан ызы-чуу басылбай, тазалыктын кызматкерлери арызын көтөрүп гезиттерден бери чуркап жүрүшөт. “Рыспек Анаковичтин иштегенге акысы жок”-деп айтып жатышпайбы...
--Чоң мекемени башкарган соң жамаатын баарына жага албайсың. Муну элдин баары билсе керек. Сиздерге документтерди көтөрүп барып ызы-чуу көтөрүп жүргөн киши өзү мындан көп убакыт мурун ишин чала жасагандыгы үчүн кызматтан кеткен. Эми болсо жаны тынбай ар кайсыл жактарга арызданып жүрөт. Өзүң башкарган жамаат балаңдай эле болуп калат. Урушуп талашып кайра табышып жаман жакшы айтышып иш алып барабыз да. Алардын баарысы ыраазы болбойт. Азыраагы нааразы болот, бирөөнүн азгырыгына кирет дегендей.
--Айлыктардан да 2000 сомдон кармап калды деп кыйкырып чыгышпады беле?
--Буга чейин 6000 сомдон айлык алгандарга 10000 сомдон сый акы акча жазыла баштады. Чынын айтканда мурда 500 сом же 1000 сом сый акы алсак абдан кубанчубуз. Ошол он миң сом болуп анан бухгалтериядан 2000 сомдон кармап калды дегендери да туура эмес болгон. Мамлекеттен айлык алгандардын баары билишет, айлыктын 10%ы социалдык төлөмдөргө, салыкка кетет. Анан 10000 сомдон 2000 сом кармалып калат да. Мунун баарын түшүндүрүп чечишкенбиз. Аларды мен деле көп эле алсын дейм. Бирок мыйзам ушундай болсо аны кайда алып барабыз.
--Күйүүчү майдлардан акча жасаганыңызды да айтып жүрүшөт. Негизи бул боюнча бухгалтериядан толук маалымат алса болобу?
--Эмнеге болбосун болот. Ар бир таштанды ташыган техниканын көлөмүнө жана бара турган аймагына жараша биз май куюп берчүбүз. Эгерде мен ошондой жаман иштерге барсам анда өзүмдүн да абийиримдин алдында чыдабайт болчумун. Андыктан бул жөн гана чагымчылдардын иши деп билем. Мына шаар аралаганда тазалыктын кызматкерлерин көрсөм өздөрү басып келип учурашып жатышат. Бул да болсо менин жакшы жетекчи болгонумдун белгиси.
--Шаардагы чоң көйгөйлөргө сиз жооп бересиз. Бул жагынан пландар барбы?
-- Учурда ишибиз кайнап турган убагы. Бир эки ай кыйналып бир жолго салып алсак жакшы болот эле. Буйруса баарын жасасак иштөөгө бизге, жумуш жасоого кызматкерлерге жеңил болмок. Чынын айтканда азыр оор болуп жатат. Иштөө системасы жөнгө салынбай турат. Бир маселе чыкса баардык тармактагылар бир келип ишин чогуу жасаса эле бүтүп калат. Өзүңүздөр көрүп жатсаңыздар керек учурда эки үч жаман жайды жашынакай гүл бакча кылып койдук эле эл келип эс алууда. Буйруса дагы олтургучтарды коюп, эс алуучу жайларды жасайбыз. Мисалы Бишкек шаарындагы мосстордун үстүнөн өтүү үчүн кыйынчылык бар. Жаштар го басып кетишет экен. Карыган апалар жөлөнүп олтуруп эс алсын деген пландарыбыз бар.
--Бирок олтургучтардын жанын койбой үстүнө чейин чыгып кетип жатышпайбы....
--Жаштарыбыздын тартибин интернет эле жөнгө салып койду. Ошол олтургучтарга буту менен чыгып алып “мамлекет төлөп берет”-деп олтурган кыздын видеосу интернет желесине тарагандан кийин “мени дагы интернетке тартып чыгарышса уят болом”-деп азыр андай ишке барбай калышкан. Интернеттин биздин ишке пайдасы аябай тийет. Кайсы кызматкер ишин туура эмес жасаса дагы дароо билдирип коюшат. Биз барып жумуштарды жасап бүтүрүп алдын алып калабыз. Ушундай жаман нерселерден дагы тартынышат. Бара бара күн караманын данегин чакпай, ысымдарын, сүйүүлөрүн жазып калтырбай оңолуп калышат деп аябай үмүт кылам. Коом өзүн өзү тазалайт деген ушул.
--Иса Өмүркуловдун кезинде таң эрте кыдырганын көрчү элек. Сиздер да кыдырып карайсыздарбы?
--Ишенсеңиз үйгө барганда чарчаганымдын ушундан билиңиз бут кийимимди араң чечип которунганга убакыт таппай кулап түшөм. Өзүм дагы көп уктабаган адаммын. Андыктан элдин жумушу таңкы саат тогузда башталса меники алтыда башталат. Бир нерсени тапшырганда көзүм менен көрмөйүнчө иштин жыйынтыгына ишенбейм. “Кандай болуп жатты экен, эмне кылышты”-деп ойлоно берип ошол жерге кантип жетип барып калганымды билбей калам. Көзүм менен көрмөйүнчө тигини муну жасап жатабыз десе деле кемчиликтер кетип жаткандай сезиле берет. Эртеден кечке шаарды аралап карап чыгабыз.
--Жолдогу зебралардын да өңдөрү өчүп байкалбай калууда. Качан жаңыланат?
--Туура, аны мойнубузга алабыз. Азырынча кызматка киришкенибизге бир гана жума болду. Чынын айтканда атайын жолду жасоочу тармак зебраларды күздө анан жазында бир оңдошот экен. Учурда биз аларда “окуу жылдары башталуу алдында турабыз. Балдардын коопсуздугу үчүн атайын белгилерди карап, зебраларды кайра башынан чийип чыккыла”-деген тапшырма бердик. Ошол иштер бүтсө шаардын борбордук эмес, ички жолдорун дагы карап чыгышат. Ички жолдорду жасоого учурда 23 көчө каралган. Бюджеттин жетишинче баарын аткарып быйыл бүтүрөбүз.
--Баса, Чүй-Алматы көчөсүнүн кесилиши жасалып жатат. Бирок курулуш иштери 5 айга созулуп кетти го....
--Көрүп жатпайсыздарбы, андан узун көчөнү жасап бат эле ишке берип салып жатышат. Бирок сиз айткан жерде маселе бар. Алматы көчөсү Бишкек жылуулук тармагына жакын жайгашкан. Жердин астынан атайын жылуулук берүүчү түтүктөр көп өткөндүктөн маселе болуп токтоп калышууда. Элден бул ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз. Буйруса жакын арада ишке беребиз.
--Ошол жол салууда жолду жасап туруп кайра жасап шаардыктарга ыңгайсыздык жаратып жатышканын көрүп жаткандырсыз....
--Андай каталарды буйруса жөнгө салабыз. Анын айынан элдин арасындагы нааразычылык да бизге маалым. Айтайын дегеним Кудай буйруса ушунча ишеним менен иш тапшырып жаткандыктан Азизбек Эмилбековичти уят кылбай иштөөгө болгон күч аракетибизди жумшайбыз. Бизге эң биринчи элдин алкышы керек.
Баян Кулова
Булак: Де-факто