www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айтматовчу Академик

Кыргыздын Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч сыяктуу “Замана” агымынын өкүлдөрүн казак акындары менен салыштырып, докторлук диссертация жазган профессор, бүгүнкү күндө Казак Республикасынын Президентинин пресс-секретарында иштеп жаткан Бауржан Оморов жакында “Алмата ак шамы” (07.04.2018) газетасына “Айтматов менен Акматалиев” деген көлөмдүү макала жазып чыгарды. Ал эми тарых илимдеринин кандидаты Нурхан Есенов “Егемен Казахстан” газетасына (30.03.2017) “Айтматов ааламынын шыракшысы”) деген макала жазган. Мына ошол макалалар менен таанышкандан кийин, эмне үчүн биз деле кыргыз окурмандары ошондой мааниде өзүбүздүн оюбузду ортого сала албайбыз деген ой менен бизге жакшы тааныш адамдын эмгеги тууралуу эки ооз сөз айтууга туура келди.

“Мен сапарга жалгыз жол тартпаптырмын” – дейт Абдылдажан Акматалиев өзүнүн бир маегинде. Ошол өмүр сапарында дүйнөлүк залкар жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов менен отуз жылдай бирге болуу бактысына туш келгенин жалпы коомчулук жакшы билет. Отуз жыл ичинде ал жазуучу менен чыгармачылык, илимий, ошондой эле турмуштук кеңири жана терең байланышта болду. Ар бир адамдын өмүрүндө тарыхый күндөрү болот. Абдылдажан Акматалиев агай өмүрүндөгү тарыхый күндү 1980-жылдын 2-октябры деп эсептейт. Ошол мезгилде ал Чыңгыз Айтматов менен бетме-бет кездешип, таанышуу бактысына туш болот. Ал мындай дейт: “Академиянын чоң залында жаңы пайда болгон элдердин адабиятына арналган конференция жүрүп жаткан. Бул конференцияга Айтматов да чакырылыптыр”. “Салам айтып жиберип, шашканымдан “Сизге кайрылууга болобу?” – дедим, Чыңгыз аганын жүзүн карадым. Салам берген алаканым ысып кетти. Ошондо жазуучу мени жан дүйнөсүндө кабыл алганын билдим. Карап турган эл экөөбүз эшикке басканда жарыла берди.

            –Чыңгыз ага мен жакында Алма-Атада командировкада болдум. Калтай Мухамеджанов, Олжас Сулейманов, Зейнулла Кабдолов сыяктуу жолдошторуңуз салам айтты. Ушуну айтып коёюн дедим эле.

            –Рахмат. Ал жакка эмнеге бардың эле? – деп кайра сурады.

            –Мен сиздин чыгармачылыгыңызга кызыгып жүрөм. Алма-Атага материал жыйнаганы бардым.

            –Аа, жакшы. Жанагы “Советтик Кыргызстанга” чыккан Калтай менен маектешүү сеники турбайбы?! – деди.

            –Ооба, – дедим. Жан дүйнөмө ого бетер жылуулук сезим аралап, тердеп да кеттим. “Демек, окуган экен” деген ой кылт эте түштү.

            Коштошуп, машинага түшүп кетти. Ошондогу менин кубанычымды айтпаңыз, керели-кечке төбөм көккө тийгендей, сезимдердин толкунунда каалгып жүрдүм” (“Айтматов жөнүндө этюд” китебинен)

            Мына ушул тарыхый күн Абдылдажан-Мелис Акматалиевдин тагдырын Чыңгыз Айтматовдун тагдыры менен байланыштырды. Ал 1982-жылы “Кыргыз-казак адабий байланышын өнүктүрүүдө Ч.Айтматовдун ролу” деген темада кандидаттык, 1990-жылы “Түрк тилдүү элдердин адабиятынын өз ара байышында жана байланышында Ч.Айтматовдун ролу” деген темада докторлук диссертация коргогон. Диссертациялардын материалдарын чогултууда ал союздун республикаларын кыдырып, белгилүү жазуучулардан, акындардан Камил Яшен, Мирмухсин, Адыл Якубов, Примкул Кадыров, Зульфия, Мустай Карим, Абдижамил Нурпеисов, Берди Кербабаев, Олжас Сулейменов, Тулеберген Каибергенов жана башкалардан Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык таланты, чыгармаларынын аларга тийгизген таасири сыяктуу эч жерде айтылбаган жана жазылбаган материалдарды жазып келип, аларды басма сөздөрдө жарыялоо, илимдин объектисине киргизген. Бул тууралуу профессор, филология илимдеринин доктору Советбек Байгазиев мындай деп жазган: “Бул илимий эмгектин тынч кабинетте жаралбагандыгы. Адабиятчы-илимпоз эмгегин жазардан мурда кыйла түйшүктү башынан өткөргөн: жер кезип, эл кыдырган, Орто Азия жана Казакстандын, Сибирдин жолдорун баскан, маданий ишмерлер, окумуштуулар менен жолугуп, сырдашкан, чын дилден маек курган, көп факты-материалдарды чогулткан. Кыскасы, автор жаза турган темасы менен проблемасынын ички “тамырларын” өз колу менен кармалап көрүп, алдын-ала аны менен жашап, башынан кечирип туруп, анан колуна калем алган. Ошонун натыйжасында эмгек фактылык жактан да, изилдөөчүлүк жагынан да ынанымдуу чыккан. (“Кыргыз адабиятынын тарыхы” 9-том)

            Анын натыйжасында ондогон эмгектери жазылып, англис, немец, француз, орус, казак, кытай, япон, өзбек, түрк тилдеринде жарык көрүп, Айтматовдун чыгармаларын жайылтууга салым кошкон.

            Ч.Айтматов боюнча 20дан ашуун китептердин, 500дөн ашуун макалалардын автору.

            Абдылдажан-Мелис Акматалиевдин жалпы эле чыгармачылыгына көз салып, байкоо жүргүзгөн Чыңгыз Айтматов бир нече жолу өзүнүн таамай, ачык пикирин билдирип келген. Биз анын жазуу түрүндөгү үч-төрт пикирине мисал катары келтире кетсек эле баары түшүнүктүү болот деген ойдобуз.

            1. “Жаш илимпоз Акматалиев эң соңку адабий өз ара байланыштардын жана өз ара таасир итийгизүүлөрдүн анча карала элек аспектилерин изилдеген. Менимче, анын эмгеги теориялык жагынан да кыйла мааниге жана актуалдуулукка ээ.

            Көп улуттуу совет адабиятындагы учурдагы көркөм процесстерди изилдеген адабияттаануудагы мындай өнүгүүнү колдоо керек”. (Чыңгыз Айтматов – Китепте: А.Акматалиев. Жаңылык тажрыйбадан жаралат. – Фрунзе: “Кыргызстан”, 1986. 3-4-бб)

            2. “Ознакомившись с работой А.Акматалиева, прихожу к выводу, что это весьма актуальное исследование именно в аспекте этнико-языковой региональной среды и ее влияния на художественное творчество современных писателей. Такой угол зрений, насколько я могу судить, не вовлекался до последнего времени в научно-исследовательский оборот. Многие годы чисто идеологический подход имел перевес перед национальной субстанцией культуры, и это приводило к обеднению литературоведения на местах. Работа А.Акматалиева достойно восполняет этот пробел в среднеазиатском литературоведении”. (Академик Чингиз Айтматов. 1989 г. 10 декабря)

            3. “Необходимо учесть акматалиевский интеллектуальный имидж, достойно проявившийся в последние годы на многочисленных международных конференциях и симпозиумах, чему в ряде случаев я сам свидетель”. (1993)

            4.Бул кеп Абдылдажан Акматалиевдин туулган күнүнүн 50 жылдык юбилейине карата айтылган аксакалдык пикирим. Чынында да бул аселдүү мүмкүнчүлүккө жеткениме бактылуумун. Улуттук маданий чөйрөсүндө Абдылдажан сыяктуу терең ойчул, тынбаган эмгекчил, чаң тийбеген таза пейил инсандарыбызды биз тагдырдын буйругу деп сыймыктанып баалашыбыз зарыл. “Манастын” эпикалык дүйнөсүн илимий системага келтирип бериши жана бул изилдөөлөрдү азыр да улантышы чокунун бир капталы болсо, экинчиси – азыркы XX-XXI кылымдагыадабияттын турмушу, өмүп өнүгүшү, эл аралык деңгээлде изилдениши бул да Абдылдажан Акматалиевдин илимдеги алп жүргүндүк багыты болуа саналат. Ал эми өз ара руханий жакындыгыбыз – бул дагы өз-өзүнчө турмуш буйругу го деп ойлойм. Азыркы учурда Абдылдажандын тестиер жетилген уулунун ысмын да Эльтуран деп төрөлгөндө өзүм койгомун. Эльтуран. Ысымына жараша акыл-эстүү жетилип өсүүдө. Буга да кубанам. Неберелер демекчи, алар келечектин өнүгүшү, нуру эмеспи. Улуттук маданиятыбыз акматалиевдер сыяктуу берендерге жүкитөлсүн. Ошондо өз баркыбыз менен өнүгөбүз. (Ч.Айтматов. “Кут билим”, 17.02.2006. “Адабий Алатоо”)

            Мындан тышкары да Айтматовдун каттарында, ошондой эле берген кол тамгаларында тилектери камтылган.

            Абдылдажан-Мелис Акматалиев Айтматовдун көзү тирүүсүндө да, андан кийин да Айтматовдун өзүнө жана чыгармачылыгына сый-урмат менен камкордук кылып келген. Анын чыгармалар жыйнагынын 5, 8, 10 томдуктарын чыгарууга демилге кылып, спонсор издеп, окурмандарга жеткирди. Айтматовго арналган макалалар жыйнагынын орус тилинде 5 томдугун, кыргыз тилинде 3 томдугун, ага арналган ырлар жыйнагынын 2 томдугун, “Айтматов энциклопедиясынын” 3 томдугун чыгарууну жетектеди. Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына байланыштуу ондон ашуун эл аралык конференцияларды өткөрүп, 70, 80, 85, 90 мааракелерине активдүү катышты. Айтматовдун ысмын Тил жана адабият институтуна, “Сапат” лицейине берүүдө, Айтматов китептеринин китепканасын уюштурууда, Эл аралык коомдук Айтматов академиясы менен Айтматов клубун түзүүдө, эстелик бюстарын мекемелерде коюуда, документалдык жана көркөм кинофильмдерде кеңешчилик кылууда жана башка иш-чараларды өткөрүүдө өзү идея көтөрүп, демилгелеп, өзү ишке ашырды.

            “Мен сага өзүмө ишенгендей ишенем” – деп Чыңгыз Айтматов Абдылдажан агайга кат жазды. Бул албетте, ишенимге кирүү, ишенимде болуу чоң бакыт эмеспи! Ошондуктан, алар бул ишенимди жоготпой, бапестеп келишти. Абдылдажан Акматалиевдин “Айтматов жөнүндө этоюд” деген күндөлүк китебин окуп отурсаң, не деген улуу жазуучунун генийлик менен жөнөкөйлүгүн, карапайымдыгын, кеңпейилдигин, айкөлдүгүн жана башка эң мыкты сапаттарын табасың. Бизге, жалпы окурмандарга “Адамга күн сайын – Адам болуу кыйын” деген Айтматовдун турмуштагы жашоосу, кыял-жоругу, мүнөзү, мамилеси кызык эмеспи!

            Чыңгыз Айтматовду жоготуу баарыбыз үчүн орду толгус болду. Абдылдажан агай да жан дүйнөсүндө кыйналып жүрдү, алардын бардыгын “Айтматов бар Аалам толук көрүнчү”, “Рух дүйнөнүн асманында алп жатат”, “Аалам кезип, Айтматовдон салам айт” деген ырлар жыйнагында кеңири чагылдырып, Айтматовдун поэзиядагы образына портреттик сүртүмдөрдү тартты.

            Ал “Айтматов таануу” илимине  жаш илимпоздорду алып келди, кандидат, доктор кылып чыгарды. Бекеринен “Акматалиевди башкы Айтматовтаануучу” деп окумуштуулар айтышпайт. Бул сый-урматтуу, кадыр-барктуу сөзгө ал өзүнүн карандай маңдай тери, тынымсыз эмгеги менен жетип отурат. Айтматов дегенде Акматалиевдин аты дароо эсибизге келет.

            Акын Фатима Абдалованын ыр саптарына толук кошулам:

            “Бирок Сиздин ойлогондо – илимдеги ишиңиз,

            Сиз бир чети калгандайсыз Айтматов үчүн төрөлүп...”

            Бар болуңуз агай, Абдылдажан Амантурович!

Келдибек Койлубаев, филология илимдеринин кандидаты, доцент

Булак: Де-факто

Последние новости