www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Куранды өрттөө менен ал жок болуп кетпейт! Анткени Курандын коргоочусу бар». Мындай пикирин Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Замир кары Ракиев билдирди.

«Куран-и Карим Алла Таала тарабынан жөнөтүлгөн ыйык китеп. Жер шарындагы 2 миллиардга жакын мусулман мына ушинтип ыйман келтирет. Куран түздөн-түз Алла Тааладан түшүрүлгөн болуп, анын бир тамгасы дагы өзгөртүлбөгөн, бурмаланбаган, бузулбаган (мутаваатир). Алла Таала тарабынан түшүрүлгөн Куран адамзатка адеп-ахлак, бакыт, руханий тынчтык (хузур), өнүгүү, маданият берген. Ал өнүккөн ислам цизилизациясына негиз салуу менен бүгүнкү өнүгүүнүн, укуктун (хукуук) жана адамгерчиликтин (гуманизм) рычагы экенин эч ким тана албайт. Куран-и Карим нур, илим, шыпаа, идеалдуу дүйнө тааным болуу менен бирге ыйман негиздерин, ибадат формаларын жана адеп-ахлактык баалуулуктарды үйрөттү.

Мына ушундай улуу китеп 15 кылым бою мусулмандардын көзүнүн нуру, көкүрөк тумары, пайгамбар аманаты болуп келе жатат. Ошол күндөн ушул күн жакшылыктын жарчысы, жамандыктын камчысы болуп, адамзатты, анын ичинде мусулмандарды күн сайын мыкты, адептүү, ибадаткөй болууга өбөлгө түзүп келет.

Тилекке каршы, түздөн-түз Жараткандын китеби болгон Куранды өрттөөгө батынган ынсапсыз, маданиятсыз, адеп-ахлаксыз, толерантсыз жандар болууда. Акыйкатта алар Куранды өрттөө менен Жер шарынын ¼ калкы карманган динге акаарат кылып, провокация жасашууда. «Сөз эркиндиги», «адам укугу», «акция» деген ярлыктарды жамынып, ириде руханиятка жырткычтык мамиле кылынганы бешиктеги балага да маалым. 2 миллиард адамдын ыйык туткан китебин өрттөөнүн эмнеси сөз эркиндиги да, эмнеси адам укугу?! Ириде сөз эркиндиги да, адам укугу да, демократия да жоопкерчилик эмеспи! Башкача айтканда, эркиндиктин да, укуктун да чеги, ченеми, алкагы бар. Бирөөнүн укугу бүткөн жерде башканын укугу башталат. Демек, кээ бир өлкөлөрдөгү «Куран өрттөө акциясы» укукка каршы жосун!

Аныгында Куранга эч ким зыян бере албайт! Ага эч качан зыян жетпейт. Анткени ал Аллага таандык. Алла Таала Өз Каламын Өзү сактайт:

إِنَّا نَحْنُ نَزَّلْنَا الذِّكْرَ وَإِنَّا لَهُ لَحَافِظُونَ

“Чынында, Куранды Биз түшүрдүк. Эми аны өзүбүз сактайбыз”

(Хижр, 9).

Демек, Куранга жасалган варварлык жапайы мамиле арык аттап суу кечпеген провокация. Баалуулук душмандары көздөрүн жумса эле Күн жок болуп кетпейт.

Куранга, исламга, Азирети Мухаммедге (с.а.в.), ал тургай Алла Таалага душмандык дайыма болуп келген жана боло берет. Акыйкат менен батылдык (адашуу), чындык менен жалган, ак менен кара кыяматка дейре күрөштө болот эмеспи. Биз мусулман катары Куран-и Каримди өрттөгөндөргө карата кандай позицияда болушубуз керек?!

Биринчиден, жүрөктөн жек көрүп, наалат айтабыз. Бирок алар ыйык эсептеген китептерге же «ыйыктыктарына» шек келтирбейбиз. Өрттөп же талкалабайбыз! Муну бизге Алла Таала Куранда насаат кылган (Анаам, 108). Аларга теңелип, төмөн түшпөйбүз. Анткени, алардан айырмабыз бар!

Экинчиден, провокацияга алдырбайбыз. Балким адамдыкка сыйбаган көрүнүш аркылуу ислам ааламын козутуу, дүйнөнүн тең салмактыгын бузуу максат кылынып жаткандыр. Дагы бир шойкомдуу жорукту баштап жатышкандыр. Же «атың чыкпаса жер өрттө» чыгар. Кандай болгон күндө да алардын арам мүдөөлөрүнө курал болбойбуз!

Үчүнчүдөн, баалуулуктарга жасалган кыянатчылыкка каршы илимий күрөш жүргүзүү кажет. Кругозорду, интеллекти, деңгээлди өстүрүшүбүз шарт. Кээ бир жандардын Куранга каршы аракети анын жөн китеп эместигине далил. Демек, Куранды көп-көп окуйлу. Жөн гана окубай, маанисин түшүнүп, Куран илимдери менен терең таанышалы. Илим-билим жактан өнүгүп, татыктуу мусулман болгонго аракет кылалы. Окуу жана түшүнүү менен гана чектелбей, Куранга амал кылууга бар күчүбүздү жумшайлы.

…А Алланын Китебине акаарат кылгандарга өз Ээси жетиштүү. Ал өз Каламын коргоп алууга кудиреттүү. Анткени ал чексиз Кудирет жана Илим Ээси!», - деди Замир кары Ракиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости